// //

Атамдын бул жоругунан кийин апамды өзүм бактылуу кылууну чечтим

2022.06.28, 18:28
6083

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Билем мен али жашмын. Кимдир бирөө үчүн өтө эле жашмын. Мен азыр болгону 16дагы жигитмин. Быйыл 10-классты бүттүм. Былтыр окуумду таштап коеюн дегем. Апам чырылдап болбой койду. Ырас эле апамды угупмун. Билим алсам атамдай болбой турганыма көзүм жетти.

Мектепте барганымды атам жактырбайт. Ичип келип алып мээмди жейт. Баш жазганга бир нерсе табылбай калса, үйдө ызы-чуу. Кошуналардын бетин карай албай калдым. Күн сайын сабактан келсем апамды көзү кызыл. Атам дагы ыйлатты да. 

Башында атамды жек көрүп жүрчүмүн. Бой жеткен сайын атамдын алсыз адам экенин билдим. Бөтөлкөгө алы жетпеген адамды жек көрүү мүмкүн эмес эле. Менин көз карашыман сестенип турат. Бир жолу апамды сабайын деп калганда колун кармап калгам. Көзүмдү көзүнөн тике албай карадым. "Апама тийсең, сени жөн койбойм" дедим. Сөгүнүп сыртка чыгып кетти. 

Апам эмне үчүн атамы таштап кетпегенин түшүнө албайм. Кийин деле түшүнбөсөм керек. Апам боорукер, бирок оорукчан болуп калды. Жыл сайын бейтапканага жатып чыгат. Өңү боппоз. Иним жалтактап турат. Карындашым али кичинекей эч нерсе түшүнбөйт.

Каникулда телефон саткан байкеге жардам берип иштеп жүргөм. Тапканыма үйгө продукт, апама дары алам. Чарчап үйгө келсем атам кийимдерин чогултуп жатыптыр. Апам бурчта ыйлап отурат. 

"Мен сени менен жашабайм. Балдарыңды өзүң бак. Ооба, башка аял таптым. Мени багат. Сага окшоп оорукчан эмес." Сөгүнүп дагы жатты, сүйлөнүп дагы жатты. "Апама сөз тийгизбе!" Мени көрүп токтоп калды. "Э....балдары" деп бизди дагы бир сөктү. Алдынан чыккан итти тээп, сыртка чыгып кетти. Апамы кучактадым. Байкуш апам, арык, алсыз, апам ыйлап жатты. "Мен бармын апа, мен силерди багам, ыйлабаңызчы" дедим. Чачыман сылап, "менин уулум, мен сүйүнүп жатам" деди. 

Ал түнү баарыбыз тынч уктадык. Эртеси иним менен базарга түшүп чогулткан акчама продукт алып келдим. Карындашымдын туулган күнү. Бирге чыкты. Биринчи жолу тынч отуруп тамактандык.

Мен мунун баарын силерге эмнеге айтып жатам. Убагында "алкаштын баласы дагы, алкаш болот" деген сөздөрдү уккам. Бирок, мен атама окшошпойм, билим алам, чоң адам болом. Бир туугандарыма үлгү болом. Апамды бактылуу кылам. Өзүмө сөз берем.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт