// //

Жигити жыныстык катнашка мажбурлай берген кыздардын окуясы

2022.06.24, 16:25
24970

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, жигитим бар. Биз 2-3 жолу жолуктук. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Жолукканыбызда мага жармаша берет, бирок үйлөнмөйүнчө кыздыгыңа тийбейм, деп айтат. Кыйналып жатам, ошентсе да башка кыздарга барбайм, сени менен гана болгум келет, дейт.

Туура эмес экенин билем, бирок жигитим, кыйналып, жаман болуп жатпайбы. Эмне кылышым керек? Жооп бериңизчи?

****

Саламатсызбы. Жигитим экөөбүздүн ортобузда интимдик мамиле жок, ошондуктан ал кыздарга бара турганын ачык айтты. Биз үйлөнүү тоюнан кийин гана кошулабыз деп сүйлөшкөнбүз.

Мен андан сураган эмесмин, билгим да келген эмес. Ал болсо “мен сага калп айткым келбейт” дейт.

Психолог, айтыңызчы, сүйлөшкөн кызы бар бирок жыныстык катнашты башка кыздар менен курганы нормалдуу нерсеби? Ал мени сүйөбү? Кийин үйлөнгөндөн кийин да барганын токтотпосочу кандай болот?

****

Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө жарым жыл болуп калды. Кийинки күндөрү жыныстык катнашка барууга мажбурлачу болду. “Мага ишебейсиңби? Мени сүйбөсүңбү?” - деп таарынат.

Мен аны сүйөм, бирок жыныстык катнашка даяр эмес экенимди айтсам, таарынып, телефонго жооп бербей жатат.

Кызыктай абалда калдым.

****

Жигитим экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жыл болуп калды. Мен аны аябай сүйөм, ансыз жашай албайм. Ал да мени жакшы көрөт. Бир нече жолу жыныстык катнашта болдук. Мага жаккан жок, бирок анын көңүлүн оорутуп алууну каалаган жокмун, ошондуктан макул болдум.

Жок, деп айтсам мени таштап кетпейби?

Секс – бул жакындыктын, сүйүүнүн, ич ара ишенүүнүн туу чокусу, дейт психолог Мария Самсонова. Анын пикири боюнча жыныстык мамилени курууга эки тараптуу жактыруу, сүйүү жана каалоо гана негиз болуп бере алат. Бул мамилелердин кийинки этапка өтүүсү. Ага эки өнөктөш тең даяр болууга тийиш.  

Тилекке каршы редакцияга келип түшкөн каттар, тетирисинче көрүнүштү көрсөтүп жатат. Көпчүлүк учурда бой жетип калган кыздар өзүнүн каалоосун, жана даярдыгын эске алышпайт. Алардын башкы максаты башка адамдын көңүлүн алуу, ал каалаган нерселерди жасоо аркылуу жанында сактап калууга умтулуу.

“Жигитим кыйналып жатат”, “ага боорум ооруду”, “көңүлүн ооруткум келген жок” деп жазышат.

Мындай мамиленин аягы нааразычылык менен аяктайт. Аял эркектин каалоосун биринчи орунга коюп, бардыгын аткарса, өмүр бою ошол эркек жанында болот деп үмүттөнөт.

Чынында, сүйгөн эркек эч убакта сүйлөшкөн кызын шаштырбайт, мажбурлабайт. Ал эми сүйөм деп айтып, ошол эле учурда сиздин пикириңизди эске албастан же манипуляция аркылуу төшөккө тарткан эркекте эч кандай сезим жок, деп айтса да болот. Ал өнөктөшүнүн сезимдери, ою менен эсептешпейт. Эгоисттик түрдө өзүнүн азыркы учурдагы каалоосун кандыргысы келет. 

Айткылачы, ушундай мырзага тагдырыңды байлоонун зарылчылыгы барбы?

Аял киши ар дайым өзүн барктай билиши керек. Эч убакта секс аркылуу кадыр баркка, сүйүүгө жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан “болот” жана “болбойт” деген чек араны өзүңүз үчүн так аныктап алыңыз.  Сиздин талаптарыңызды сактагысы келбегендер өзү эле иргелип калат.

Заманбап жашоодо эркектер эле аялдарды тандабайт, аялда да тандоо, жакпаса баш тартуу укугу бар. Өзүңүздү бул укуктан кур калтырбаңыз.

Эгерде  өзүңүз үчүн жигитиңиз менен жыныстык мамилеге баруу маселесин чечип, туура көрсөңүз, сөзсүз жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана пландаштырылбаган кош бойлуулуктан сактоону ойлонуңуз. Бул үчүн презервативди туура жана ар бир жыныстык катнашта колдонуңуз.

Презерватив жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана пландаштырылбаган кош бойлуулуктан гана сактабастан, ВИЧ инфекциясынан да коргойт. Андыктан, презервативди колдонууну унутпаныз!

Ак сүйүү каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт