// //

Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды

2022.06.18, 15:59
21280

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жаңы эле кошуна жашаган жеңем менен сүйлөшүп бүткөм. Келинчегиме чалыптыр. Сыртта жүргөн. Мен ордуна жооп берип койдум. Телефонду аларым менен учурашпай эле, "ай келин, эртең конок тосом, келип кал" дейт. Өзүмдүн эле жеңем. Ачуум келди. 

"Биринчиден жеңе, саламатсызбы! Экинчиден, ден соолугуңуз жакшыбы? Үчүнчүдөн, меники дагы жакшы, рахмат сурап койгонуңузга. Төртүнчүдөн, өзүңүздүн конокторду өзүңүз тосуңуз. Алтынай (жубайым) эртең жумуштан кеч келет. Чарчап келген неме, кайра сизге барбайт. Менин аялым силерге бекер кызматкер эмес."

Ооба, баарыңар азыр жазат болушуңар керек. "Ой, андай болбойт", "кызмат кылыш керек", "анын милдети ошо" ж.б. Мен үчүн бул нерселер эч нерсеге татыбайт. Мен аялыма бирөөлөрдүн кызматын кылдырам деп үйлөнгөн эмесмин. Эгер кааласа өзү барып жардамдашат. Каалабаса, демек, каалабайт, анын оюу, сыйлайм. Мен сүйгөн адамым менен күн сайын бир төшөктө уктап, бир төшөктө ойгонууну каалаганым үчүн үйлөнгөм. 

Баса, жаңы баш кошкон кезибиз. Жумушка кетсем, бир тууган таежем келип жардамдашып кой деп келинчегимди алып кетиптир. Кеч кире баштады. Чалсам албайт. Кыш мезгили эле. Үйүнө жөнөдүм. Байкуш аялым суукта, шлепкачан, үстүнө жука куртка кийип алып сыртта толтура идиш жууп отуруптур. Жаңы келген келин унчуга албай айткандарын жасап жүрө берген тура. Бакырдым. "Жок дегенде ысык шорпо берип, үстүнө жылуу бир нерсе жаап койсоңор боло, менин аялым силерге кызматчы эмес!" Келинчегим тим эле кой деп ары тартат. Болбой, айтчу сөзүмдү айтым, жетелеп чыгып кеттим. Өзүңөр деле ойлосоңор, келин эмне адам эмеспи. 

Жеңем менен сүйлөшкөнүмдү апам угуп туруптур. Жаныма басып келип чачымдан сылады. "Азаматсың, уулум. Аялыңды коргоп, сыйлаганың үчүн сыймыктанам. Атаң мени эч качан аяп, коргочу эмес. Анын айынан бардык туугандары мени адам катары көрүшпөчү, сый көрсөтүшпөчү. Башка келиндер төрдө отурса, мен сыртта идиш жууп отурат элем. Ошондо ичимдеги сени сылап, уулум андай болбо дегем. Эми ал күндөр өттү, анда заман башка, азыр башка. Эл айтат калат. Ар дайым жаныңда ушул келинчегиң болот. Аны коргоп турганыңды көргөн неме, сага болгон сүйүүсү, сыйы артат."

Апам акылдуу аял. Бул сөздөрү үчүн ыраазымын. Анткени, кээде туура эле кылып жатамбы деп ойлоп кетчүмүн. 

Аялым кирип келди. Көздөрү башкача бактылуу. Апамды бетинен өөп, анан мага колундагы барагын сунду. УЗИники экен. Апам келининин бетин өөп, куттуктап жатты. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт