// //

Бала кошумча тамак бере баштаганда буларды эске алыңыз

2022.06.13, 16:13
1596

Педиатрдын кабылдамасында көпчүлүк ата-энелер балага качан тамак бере башташ керектигин сурашат. Мындан утурлай, педиатр Елена Халитова кошумча тамакты киргизүүнүн негизги эрежелерин айтып берди.

Кошумча тамакты качан бере башташ керек?

Бала 5,5-6,5 ай болгондо, кошумча тамак-ашка даяр болуу белгилери (тамак-ашка кызыгып, буюмдарды кармап, алардын даамын татат, бирөөнүн колдоосу менен отура алат) пайда боло баштайт. Мына ошол убакта киргизе бериш керек.Тиш же салмак кошумча тамактарды киргизүү убактысына таасир этпейт.

Эмнеден баштоо керек?

Көпчүлүк эксперттердин айтымында биринчи кошумча тамагы ар кандай болушу мүмкүн - дан, жашылча, эт же жемиштер дегендей. Баланы кыстабаса, мажбурлап тамактандырбаса, тамакты акыркы грамына чейин кыйнап жедирбесе, балада туура тамактануу калыптанып, ал жашылчаларды жемиштерден кийин, ал эми этти дан азыктарынан мурун берсе да, кубанып жей берет.

Салт боюнча, кошумча тамак катары жашылчалар биринчи киргизилет, эт дан жана жашылчалардан кийин рационго кошулат, бирок ырааттуулугун өзгөртүүгө болот. Дүйнөнүн кээ бир аймактарында аз кандуулуктун алдын алуу үчүн 6 айдан баштап биринчи тамак катары эт берилет.

Кошумча тамактарды киргизүүнүн максаты - баланы ныктап тойгузуу эмес, ага даамдардын, текстуралардын, түстөрдүн жана жыттардын максималдуу түрдүүлүгүн көрсөтүү.

Эмчек эмизүүнү уланта берсе болобу?

Кошумча тамактарды киргизүү менен бирге эмчек эмизүүнү улантуу сунушталат. Эмчек сүтү баланын тамактануусунун негизги булагы болуп кала берет. Кошумча тамактарды акырындык менен киргизүү баланын жашоосунда белгилүү бир режимди түзөт. Айталы, кошумча тамактарди берүү ​​бүт үй-бүлө дасторкон үстүндө отурганда жана тамак ичкенде сунушталат. Эмчек сүтүнө бала көнүп калгандыктан, аны кошумча тамактардын убактысына карабастан (тамактануунун алдында же кийин, уктаар алдында ж.б.) бере берсе болот.

Кошумча тамакты канча өлчөмдө бериш керек?

Кошумча тамак-аштын порциясы так мынча болуш керек деген нерсе жок, бала канча жесе, ошончо. Эң негизгиси балага гастрономиялык дүйнөнү ачып берүү. Жаңы продукт кичинекей дозада (~1/2 чай кашык) киргизилет, андан кийин баланын табитине жараша көлөмү көбөйөт. Андан ары көлөмү бир муштум менен өлчөнөт. Балага адегенде пюре, эзилген тамак же майда кесек жана жумшак бөлүкчөлөр сунушталат. 8 айдан баштап тилдин жана жаак булчуңдарынын жакшы иштешин өнүктүрүүгө, чайноону стимулдаштырууга ылайык тамактар сунушталат.

Кошумча тамакка тузду 1 жаштан, кумшекерди 2 жаштан кошууга болот.

Тамакты кантип жасоо керек?

Биринчиден кошумча тамактар ​​бууга бышырылган болушу керек. Андан кийин кайнатылган, демделган ж.б. кетет. Балага жумшак мөмө-жемиштерди чийки түрүндө берсе болот. Эгерде азыктар катуу болсо, анда аларды бышырып, жумшартып, анан балага берсе болот. Тамак даамдуу болушу керек. Бул үчүн 7-8 айынан баштап аз өлчөмдө кошулган татымал кошуп койсо болот.

Кандай тамактарга чектөө коюлат?

Жаңгак, жүзүм ж.б. сыяктуу тегерек жана катуу нерселерге тыюу салынат, какап калышы мүмкүн. 3-4 жашка чейин мөмө-жемиштерди туурап берген жакшы. Чийки же толук эмес иштетилген тамактар (туздалган же чийки балык, чийки жумурткадан жасалган майонез, икра ж.б.) 4-5 жаштан баштап сунушталат, анткени уулануу коркунучу бар. Козу карындар 1,5-2 жаштан баштап, ал эми бал бир жаштан кийин берилиши керек. Консерва жана өнүп чыккан чийки үрөндөргө дагы тыюу салынат.

Эмнени такыр жасабаш керек?

Кошумча тамакты ширелер менен баштоонун кереги жок. Ширелер 12 айга чейин сунушталбайт, ал эми 1 жаштан кийин алардын көлөмүн чектөө сунушталат. Мисалы, 4 жашка чейинки балдар үчүн күнүнө 120-180 мл, 4 жаштан кийин - күнүнө 250 мл чейин жетет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт