// //

Эки кайын эненин бул чечими келинчегим экөөбүздү ажырашуудан сактады

2022.06.06, 15:46
13806

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Жүрүңүз кудагый, экөөбүз өзүнчө барып сүйлөшүп келели.

- Жүрүңүз, антпесек болбой калды.

- Биз кеч келебиз, күтпөй жата бергиле.

Келинчегим экөөбүз түнү менен уктабай отурдук. Экөө түштө кеткен боюнча жок. Кайда кетишти, эмне кылып жатышат билбейбиз. Телефондору өчүк. Башында жакшы эле отурганбыз. Караңгы түшкөн сайын жаман ойлор келе баштады. Экөөнү кайдан жөнөтө койдук.

Эки кудагый тил табыша албай келинчегим экөөбүздү кыйнап жиберишти. Бирөөсү келип мындай кыл дейт, экинчиси келип андай эмес мындай дейт. Бирөөсү келип небересин алып кетсе, экинчиси таарынат. Алардын айынан келинчегим экөөбүз урушабыз. Эң жаманы урушубуздун күндө көбөйгөнү болду. Ананчы, ар ким өз апасына тартат дегендей.

Атам чалды. Апам кайда экенин сурады. Эмне дешти билбей калдым. Тойго кетти деп койдук. Келинчегим экөөбүз эми чындап  корко баштадык. Кайда жүрүшөт болду экен.

Бири-бирине өчөшө беришчү болду. Бирөөсү келип бирөөсүн жамандайт. Башында, ооба деп коюп жүрдүк. Бирок, кийин ага баш ичип жашоо кыйын болуп калды. Аялым менен өз турмушубузду курбай, жаштыгыбыздан рахат албай экөөнүн көйгөйү менен эле болуп калдык. Эң жаманы ооруп калганда кимисине тартарыңды билбейсиң.

Дагы апаларыбыздын айынан урушуп кеттик. Экөө жаңы эле келген. Чогуу чай ичип отурганбыз. Анан экөө дагы кыжыңдаша башташты. Келинчегимди бери кой мен ачууланып чыктым. Анан экөөбүз айтыша кеттик. Ошондо, оозубуздан биринчи жолу "ажырашалы" деген сөз чыкты. Баш кошконубузга үч эле жыл болгон.

Апаларыбыз тык токтоду. "Ай, эмне деп жатасыңар" деп жиберишти. "Силердин айыңардан" дедим дагы, сыртка чыгып кеттим. Жаш балача ыйлап жибердим. Өзүмдү кармана албадым. 

Таңга маал келишти. Экөө жакшы эле тойлоптур. Сарсанаа болуп отурганыбызды деле эске алышкан жок. Апам кирип келип эле, "тур, кудагый экөөбүзгө төшөк сал" деди. Келинчегим экөөбүз залга төшөк салып бердик. Атама чалып айтып койдум. 

Экөө экөөбүздү чакырды. "Ай, балдарым, бизди кечиргиле. Турмушуңарга мындан ары кийлигишпейбиз. Жардам керек болсо өзүңөр келесиңер. Биздин айыбыздан жөн жашай албай калдыңар. Жашсыңар, ката кетирип өзүңөр жашагыла. Биз мындан ары өз жашообуз менен болобуз. Экинчи жанагындай сөзүңөрдү укпайлы. Эки эрке кемпирдын кыялы үчүн ак никеңерди бузбагыла."

Аялым экөөбүз биринчи жолу тынч уктадык. 

Ишенесиңерби, ата-энебиз турмушубузга кийлигишпей калгандан бери экөөбүздүн сүйүүбүз күчөдү. Ортобуздагы сый артты. Уруштар жоголду. Тынч жашап калдык. Ар бир күнү өзүбүзгө убакыт бөлүп, бакытка балкып калдык. Биз гана эмес эки кудагый дагы башкача болуп өзгөрдү. Азыр экөөнөн өткөн ынтымактуу курбу жок.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт