Апам тамактын тузун ашырып жасаса атам мындай кылат
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
“Аут”, “От сетка”, “Тос, тос”, “Тууй ата, аут топту эмнеге алдың?”. Апам волейбол ойноп жатканда атам жөн карап тура албайт. Күйүп-бышып апам менен кошо залда чуркайт. Демейде өзү “болеть” этип келген. Оюн бүткөндөн кийин чуркап барып кучактап өөп, суу берип, терин арчып, “азамат, жакшы ойнодуң”, - деп, жылуу сөздөрүн айтат. Жанында ар дайым аптечка ала жүрөт. Кулап түшсө чуркап барып, тизесин үйлөп зеленка сүйкөп берет.
Бул ирет оюнга өзүбүз менен кошо алты айлык инимди ала келгенбиз. Атам ага сүт берип, памперсин которгонго жетишип жатты.
Атам менен апамдын баш кошконуна он беш жылдай болуп калды. Үч бир тууганбыз. Мен үйдүн эң уулусумун. Менден кийинки бөбөгүм алты жашта. Эң кичүүсү алты айлык.
Атам кандай адам экенин айтып берейинби? Анда угуп тургула.
Апамдын кирпигине чаң жугузбайт, эч качан жаман сөздөрдү айтып көңүлүн оорутпайт, апамдын сөзүн укпай койсок бизди урушат, жасаган тамагын ар дайым мактап жейт (бир-эки жолу тузу өтүп кетсе да мактаган), бөбөгүмдү өзү алып калып салондорго жиберет, көйнөк сатып берет, үй иштерине жетишпей жатканда кол-кабыш кылат, ооруп калса жумушунан суранып келет, туулган күнүндө сюрприз жасайт ... Охх, чарчап кеттим, бир күндө мунун аягына чыга албайм, иши кылып атам сонун адам экенин түшүндүңөр да.
Карапайым эле үй-бүлөбүз. Кээде нанга жетпей калган учурлар болот. Ошондо да атам кейип-кепчибей, шабашка кылып келе коет.
“Ден соолугуңа пайдалуу болот”, - деп, апама волейбол ойногонду атам үйрөткөн. Турнирлерди өзү издеп таап, апамды алдын ала жаздырып коет. Бир да оюнун калтырган эмес. Ар дайым колдоп-коштоп бакырып, дем күч берет.
Классташ кыздарымдын бирөөсүнүн да атасы меникиндей эмес.
Кошуна эжелер апамды көрө албайт. Эмне үчүн экенин айтпай эле коеюн. “Ии, күйөөң алып бердиби, жакшы экен”,-деп мурдуларын чүйрүп сүйлөшөт. Апам аларга көңүл бурбайт. Тек гана күлүп кутулат.
Жыл өткөн сайын ата-энемдин сүйүүсү, бири-бирине болгон жылуу мамилеси күчөп барат. Мен аларды карап суктанып отура берем. Чын, экөө бир да жолу катуу урушкан эмес. Биздин үйдөн ар дайым күлкү угулат. Сабактан келатып бул нерсеге күн сайын күбө болом.
Менин бир тилегим бар. Кийин күйөөм атама окшош болсо экен. Ошондо мен да апамдай бактылуу аял болом.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм
Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт