// //

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп ээсим ооп калайын дедим

2022.05.11, 16:15
11024

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөм үй иштерине жардамдашып коеюн дебейт. Жумуштан чарчап келгениме карабай, тамак жасайм, кир жууйм, үй жыйнайм. Ал болсо менден эрте келет. Сырттагы итке тамак берип койгонго жарабай, диванда чалкалап жата берет.

Бул адаты балалуу болгонубузда дагы өзгөрбөдү. Эч нерсеге жетише албай ары-бери чуркап жүрсөм бейкапар чалкалап жатат. “Балаңды алып турчу, боткосун бышырып алайын” десем, бир мүнөткө жетпей кайра көтөрүп келет.

“Кебетең кантет? Чач-башынды оңдоп алсаң боло. Тамак быша элекпи?” Жумуштан келип ушинтти. Жарылдым.

“Кебетем жакпай жатабы? Кечирип, кой кечке бала менен ойноп жүрбөдүмбү! Анан ботко жасап ойнодум! Балабыз температура болду, дарыгерге алып барып ойнодум. Менин күйөөм сонун адам да, ар дайым жардам берип, мүнөт сайын чалып акыбалымды сурап турат. Туурабы? А мен жаманмын, чачымды тараганга убактым жок. Чоң энем “күйөө деген сен үчүн күйүп турган адам” дечү эле. Меники аябай күйөт, туурабы?”

Ызама чыдабай ыйлап басып кеттим. Эртеси сүтүм чыкпай, температура болуп жатып калдым. Үч күндөн кийин бейтапканага түштүм.

Күйөөм келди. Унчукпай жаныма отурду.

- Акыркы күндөрү сенин жаныңда өзүмдү бактылуу сезбей элемин. Минтип ден соолугумдан ажырай баштадым. Жумуштардан колум бошобой, өзүмө убакыт бөлгөндү бери кой, чарчап балама татыктуу эне боло албадым. Эркектин ким экени аялынан көрүнөт. Менин кебетемди карачы. Буйруса айыксам, өзүмдүн үйүмө эле барам. Балаңды көрсөтпөйм дебейм, каалаган күнү келип көрүп кетсең болот.

- Анаржан...

- Мага ар дайым жанымда болгон, жардам берип, акыбалымды сураган, колдоп, кыйын күндөрдө кучагына кыскан күйөө керек.

- Мени уксаң...

- Мен чарчадым, уктайм.

Артымды карап жатып алдым. Көзүм жабык болгону менен жашым токтобой агып жатты. Күйөөм оор үшкүрүп чыгып кетти.

Эки жума бейтапканада жаттым. Күн сайын күйөөм тамак көтөрүп келет. Акыбалымды сурап, ар нерсени сүйлөйт. Билесиңерби, жооп бергим келген жок.

Бир күнү өз апам келди.

- Апа, убара болбой эле койбойсузбу. Арсланчик (балам) жакшыбы? Сизди кыйнаган жокпу?

- Арсланчик атасы менен.

- Түшүнбөдүм?

- Сен бейтапканага жаткан күнү эле келип алып кеткен. Кечээ кабар алганы барсам, күйөөң сенин фартугуңду кийип алып жалаяк жууп жүрүптүр. Баласын жанына коляскага салып коюптур. Бышылдап уктап жатат. Үйүң таптаза, баары ордунда. Тим эле кой десем болбой тамак жасап берди. Сенин алдыңда күнөөлүү экенин айтты. Эмне болдуңар эле? Баары жакшыбы?

Уккан кулагыма ишенген жокмун.

Бүгүн чыга турган күнүм. Пакеттеримди жыйыштырып, дарыгерге рахмат айтып сыртты көздөй жөнөдүм. Эшиктин алдында бир колуна баламды, бир колуна гүл көтөрүп күйөөм туруптур. Уйкудан калган кыпкызыл көздөрү баарын айтып турду. Жылмайды. Жылмайдым.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт