// //

Акчасы көп, бирок кедей адамдар тууралуу Данияр Аманалиев айтып берет

2022.05.09, 13:41
3046

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев: Биз эмне үчүн акча табабыз? Менимче, кээде муну унутуп коебуз, анан көп акча тапканыбызга карабай кедей болуп калабыз. Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

90-жылдары эл аралык уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, кыргыз элинин экономикалык абалын изилдей башташат. Алар Кыргызстанга келгенге чейин, бизди жакыр өлкө деп ойлошкон. Анан эле региондору кыдыра башташканда, элдер аларды жайнатып дасторкон жайып, кой союп тосуп алышканын көрүп таңкалышат. Аларда таптакыр колунда жок үй-бүлөгө кезиккендей сезим пайда болбойт.

Ооба, бул биздин меймандостугубуз менен байланыштуу нерсе деңизчи... Бирок бир жагынан алып карасак, көп үй-бүлөлөр натуралдык чарба менен алектенишет. Кагаздарда кирешеси аз кедей катары көрүнгөнү менен, практикада анчалык деле кедей эмес, мисалы, алардын мал-жанын акчага айлантып эсептесек. 

Бир канча убакыттан кийин алар "бул үй-бүлөлөр экономикалык, каржы жагынан анчейин деле кедей эмес болсо дагы, баары бир кедейликтин башка түрүнө киришет" деген жыйынтыкка келишет. Алар ойлоп тапкан термин учурунда мени шок кылган, бирок азыр аны түшүнүп турам. 

Убактылуу кедейлик - финансы жагынан камсыздалгансыз, ачкачылыктан өлүп калбайсыз, бирок андан башка эч нерсеге убактыңыз жок. Болгон убактыңызды тирүү калуу үчүн акча табыш керек деп жүрүп өткөрөсүз.

Мурда убактылуу кедейлик региондо гана деп айтылчу, бирок, шаарда дагы толтура. Мисалы, мен өз жумушун жактырбаган, эптеп иштеп коюп жүргөн офис адамдарын көп билем. Алар бир күн бою кыйналып акча табышат, тапкан акчасын кайра ошол кыйналып өткөргөн күндөрүн компенсациялоого жумшашат.

Келиңиз бул нерсени башкача элестетип көрөлү, бир күн бою сиз өзүңүзгө жаккан жумуш менен алектенесиз, андан ырахат аласыз, жумушта өткөргөн сааттарыңыз сизге бакыт тартуулайт, анан үйгө дагы бактылуу болуп келесиз. Бул учурда сизде "убактылуу кедейлик" эмес, "убактылуу байлык" болот. Эгер сизде бул байлык болсо, сиз акчасы көп, бирок өзү үчүн бир мүнөт дагы убакыты жок адамдардан бийик болосуз.

А сиз убактылуу кедейсизби же байсызбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт