// //

Баарына жаккысы келгендер үчүн кеңеш

2022.04.26, 16:05
2480

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев жашоосун өзгөртүп жана көңүлүн чындап маанилүү нерсеге бурууга жардам берген эреже тууралуу айтып берди.  

"Башка адамдын негативи - сенин көйгөйүң эмес!" Жашоодо бул эреже мага аябай жардам берди. Кеп эмне жөнүндө болуп жатат деп ойлойсуз?

Жыл өткөн сайын мен бир маанилүү нерсени түшүндүм. Көрсө, биз айтып жаткан нерсе, аны менен эмнени айткыбыз келгени, ал нерсени башка адам кантип укту жана кантип түшүндү төрт башка нерсе экен. Тактап айтканда, башка адамга эмнени жеткиргибиз келгени менен, ал адам аны кантип түшүнгөнүнүн ортосунда баары бир айырма болот тура.

Экөөңөрдүн жашоо шартыңар башка болгондуктан, ал баары бир башкача түшүнөт, сиз дагы башкача түшүнөсүз дегендей. Мисалы, сиз ага жөн ага бет аарчы жөнүндө айтсаңыз, ал үчүн бет аарчы жаман бир нерсенин белгиси болушу мүмкүн, анан көңүлү түшүп калат дегендей.

Башка адамдын башында эмнелер болуп жатканы үчүн жооп бербей турганымды билгенден кийин жашоо жеңилдеди. Ошондон кийин менин айтканымды жана жасаганымды башкалар жактырбаса көп кабатыр болбой, кол шилтеп калдым.

Жаш кезимде баарына жаккым келчү. Бирөөлөр үчүн чын жүрөктөн жакшы нерсе жасап жатканымда, башкалар аны талкуулап сөз кылышса, жаман болор элем. Жаш өткөндөн кийин гана, башкалар менин айтканымды кантип ойлойт жана кабылдайт экенин ойлонбой калдым.

Эгер мен баарына жагууга аракет кылсам, биринчи кезекте өзүмө жакпай каларымды билдим. 

"Башка адамдын негативи - сенин көйгөйүң эмес!" Бул кеңешимди силер туура учурда окуйсуңар деп ойлойм. Балким силерде дагы ушундай көйгөй бар. Башкалар сиз жасаган нерсени жамандап, сизден көптү күткөнүн, сизден көңүлү калганын айтып жатышканда, ушул сөздү эстеңиз.

Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт