// //

Коркуу пайдасыз, алып туруп жасап салгыла! Кореядагы Айдар Сатаровдон кеңеш

2022.04.24, 20:01
2469

Салам достор! Түштүк Кореяда билим алып жаткан мекендешибиз Айдар Сатаров түз эфирибизде конокто болуп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

- Чет өлкөгө окууга бардар үй-бүлөнүн балдары гана барат деген чоң жаңылыштык. Мен жөнөкөй эле үй-бүлөнүн баласымын. Ата-энем карапайым адамдар. Баарына өз аракетим, билимге болгон умтулуум менен жетип келатам. Силердин дагы колуңардан келет. Өзүңөргө ишенгиле.

- Кореяга барууну пландап жүрсөңүз корей тилин билүүңүз керек болот. Анткени, бул жакта башка тилде сүйлөө кыйыныраак болуп калат. Дээрлик баары корей тилинде сүйлөшөт. 

- Корей тилин үйрөнүп жатканда бир сөздү аласыз, жаттайсыз, аны жаттап алып ар кандай формада колдоносуз. Мисалы, бир канча сүйлөп түзөсүз дегендей. Тил үйрөнүп жатканда жөн гана сөз жаттаган эффективдүү болбойт. Жаттаган сөздү колдонуш керек. 

- Жалкоолук баарыбызда эле болот. Болгону ага көнүп калбаш керек.

- Көп жыл ата-энең менен жашап жүрүп, анан алыс жакка кетүү өтө кыйын. Башында мен дагы кантип жашайм деп аябай коркком. Бирок,  өзүңүзгө ишенип, анан алып туруп жасап салуу керек. Бул Кореяга кетүүгө гана эмес, бүт тармакка тиешелүү. Азыр менде баары жакшы. Силерде дагы жакшы болот деп ишенем.

- Учурда мен өзүмдү ийгиликтүү деп ойлобойм. Жолумду жаңыдан баштап жатам. Ийгиликтүүмүн деп бир топ жашка барып, кылган иштериңден жыйынтык чыгарып туруп, анан айтса болот. Азыр болгону аракет кыла бериш керек.

- Кыргыз тилин биринчи коюңуз. Бирок, сөзсүз башка чет тилдерин үйрөнүңүз. Ошондо сизге башка дагы багыттар ачылат.

Бул жерден башка макалаларды окуй аласыз:

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт