// //

Ата-энемдин бырыштарын көргөн сайын өлүп калабы деп корком. Эмне кылсам болот?

2022.04.19, 09:47
2414

Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын, бактылуу үй-бүлөм бар, окуйм, иштейм. Жашоомдо болуп жаткан баарына ыраазымын. Бир гана нерсе... Ушулардын баарын жоготуп алуудан корком. Менде психологиялык травма бар окшойт, мектепте окуп жүргөнүмдө классташтарымдын ата-энелери каза болуп калган. Бул мага абдан катуу таасир этти, күн сайын мен да качандыр бир күнү аларды жоготуп алам деп ойлой берем. Алардын бырыштарын, бир жери ооруп жатканын көргөн сайын өзүмдү жаман сезип, ыйлайм, мындан башка жөнүндө ойлоно албай калам. Ооба, мунун баары боло турган нерсе, бирок мен дагы деле корком. Анткени биздин бюджетибиз аз болгондуктан, ата-энем дүйнөнү көргөнгө жетишпей калабы деп ыйлайм. Мен алардын саякаттап, дүйнө таанып, ар кайсы өлкөгө учушун каалайм. Самолетко отуруу кыялдары ишке ашса дейм. Бирок, азырынча мынча акча таба албайм. Менде танатофобия бар деп ойлойм. Сураныч, мага ушул ойлордон арылууга жардам бериңизчи. Ай сайын мен стресс болом.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2022, 10:01

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен! 

Сиз үй-бүлөңүз тууралуу абдан таасирдуү кылып айтып берипсиз, катыңызда ата-энеңизге болгон камкордук жана сүйүү байкалып турат. Мындай көрүнүш көп кездеше бербейт. Бул нерсе сизге болгон сыйды өрчүтөт. Алардын жашоосун жакшыртууга жана саякаттууга байланыштуу каалооңуз энергияга толгон.

Бирок, ошол эле учурда, сиз ата-энеңизден ажырап калуу коркунучунан жана азаптуу коркуудан кыйналып жүрөсүз. Ооба, бир жагынан, башыңыздан башкалардын жоготууларына «күбө болуу» оор тажрыйбасы өткөн. Ооба, жашоо чектелген жана эч ким түбөлүк жашай албайт.

Психотерапия адамдын жашоосунун төрт маанилүү аспектисин карайт: жалгыздык, өлүмдөн коркуу жана жашоонун чектүүлүгү, дүйнөнүн идеалдуу эместиги жана адамдын жашоосунун терең маанисин издөө.

Өлүмдөн коркуу парадоксалдуу мүнөзгө карабастан, адамдын жашоосу үчүн зарыл болгон шарт. Өлүмдөн коркуу менен жашоонун баасын билебиз.

Төрөлгөндө адам бир нече жылдар бою өлүм коркунучунан ажыратылат. Анын ордуна бөлүнүү, камкордук кылган чоңдордон ажыроо коркуу сезими бар, бирок өлүм сыйкырдуу мүнөзгө ээ, чектүүлүк жана кайра кайтарылгыс деген түшүнүк жок, сыйкырдуу кайра жаралуу тууралуу идеялар бар. 4-5 жашында бала өлүмдү (жөргөмүш, көпөлөк, жомок каармандары ж.б.) акырындык менен түшүнөт жана бул бала үчүн өтө оор тажрыйба болот. Анда чоң нааразычылык, коркуу бпайда болот, “эч ким өлбөйт” же “баарыбыз чогуу өлөбүз” деп макулдашкан аракеттер жасала баштайт. Акыры буга акырындап алыша баштайбыз.

Сиз да сепарция болуу, жашоодо өз ордуңузду издөө мезгилинде жүргөн окшойсуз. Бул коркуу, тынчсыздануу жана обсессивдүү ойлор ар бир адамдын жашоосунда активдүү болушу мүмкүн болгон мезгил. Бирок алардын билдирүү даражасы ар кандай болот. Өзүңүздү, сезимдериңизди жана пландарыңызды түшүнүү маанилүү болуп саналат. Китеп окуу, достор жана пикирлештер менен баарлашуу, керек болсо адистен жардам алуу суроолорго жооп табууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул жерде мен сизди чындап колдойм.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт