// //

5 мүнөттүн ичинде 20 жыл жашаган күйөөмдүн ким экенин билдим

2022.04.11, 15:39
16104

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ажырашуу уят эмес. Сени сүйбөгөн адамың менен жашаган уят. Ажырашуу уят эмес. Сени сыйлабаган адам менен жашаган уят. Ажырашуу уят эмес. Эл эмне деп жашаган уят.

Биздин уруш эбак эле башталган. Балдарым атасыз өсүп калбасын деп чыдап жүрө бердим. Ашата сөккөндө кулагымды жаптым. Кол көтөргөн күндөрүндө көгала денемди жаптым. Сезимдерим менен ойногондо жүрөгүмдү жаптым. Өзүмдүн чечкинсиздигиме ызаландым. Кетип калайын деп босогону аттайм, кайра “Эл эмне дейт?” деген балээ иштеп кетет.

Туугандарым мени күнөөлөштү. Өз ата-энем үйүнө кабыл албасын айтты. Кимге барарымды билбейм. Менин кете албасымды билген күйөөм мени эбак эле сыйлабай калган.

Акыркы жылдары тынч жашап калганбыз. Бирок, бөтөн кишидей. Балдар чоңоюп, өз жолдору менен кете баштады. Сүйлөшкөнгө сөзүбүз калбады. Мен жумушка кетем. Ал келсе мен жок. Мен келсем ал жок. Тойлорго эч нерсе болбогондой барып, чогуу отуруп, берген тамагын жеп келебиз. Балдарым ажырашып эле кетпейсиңерби десе, унчукпай кутулабыз. Бизди эмне кармап турат? Кур байлыкпы? Кур намыспы? Элдин сөзүбү? Менимче, баары окшойт.

“Силердин урушуңарды көрүп чоңойгонума өкүнөм. Мени атасыз калбасын деп, келечегимди талкаладыңыз. Атам менен ажырашып кетсеңиз, алда канча бактылуу чоңоймокмун. Сиз дагы бактылуу болот элеңиз. Мен эми нормалдуу үй-бүлө кура албамбы, эч ким билбейт.”

Шаардан келген студент балам ушинтип айтты. Экөөбүз чай ичип отурганбыз. Жашоомду ойлонуп бир чекитти карап токтоп калыпмын. Мени аяп, чыдабай кетти окшойт. Айтып туруп, басып кетти. Бөлмөсүнө барсам, ыйлап жатыптыр.

- Балам, мени ата-энем ушинтип тарбиялашкан. Аларды ата-энеси дагы ошентип тарбиялашкан. Аттиң, ошон үчүн окшойт, ал нерседен бошоно албадым өңдүү. Сен али жашсың. Биз кетирген катаны кетирбейсиң деп ишенем. Сен бул нерсени оңдоп кете аласың. Билем, балдарыңа мээримдүү ата, жубайыңа күйүмдүү күйөө болосуң. Мына, мени айтты дейсиң.

- Апа, сенин кыйналып жүргөнүңдү көрүү мен үчүн азап экенин билсең кана...

- Билем, балам, билем...

Бүгүн күйөөм менен урушуп кеттик. Болгону беш эле мүнөт. Айтпаган сөздү айтты. “Мен сени сүйгөн эмесмин, жөн эле үйлөнгөм” деди. Ошондо баары өзгөрдү. Андан ары бир нерсе деп айтуунун кереги жок болуп калды. “Ажырашам!” Өктөм сүйлөдүм. Артыман “Эл эмне дейт, ушул жашка келип ажырашабызбы” деп бакырып жатты. Элиң эмне десе, ошо десин, жашоо меники деп жооп бердим. 5 мүнөттүк урушубузда, 20 жылдан ашык жашаган күйөөмдүн ким экенин билдим. Алсыз жан экен. Мен дагы алсыз жан экенмин.

Ажырашуу уят эмес. Сүйбөгөн адам менен жашоо уят.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт