// //

Инстаграмдан баары сизге караганда бактылуу көрүнсө, бул кеңештерди окуңуз

2022.04.06, 13:53
1673

Салам достор! Психолог Тамара Воронцова социалдык тармактардагы картинкаларга азгырылбай, убакытты текке кетирбей кантип жашаш керектиги тууралуу кызыктуу маалыматтарды берди. Эгер сиз дагы социалдык тармаксыз жашай албасаңыз, бул кеңештер пайдалуу болот.

- Азыр биз бир суткада, байыркы адам бир күндө алалбаган маалымат алабыз. Бирок, ал маалыматтын баарын мээ кабылдабайт. Бул бир китепти окубай эле, жөн эле сүрөттөрүн көрүп, саат бою барактап отургандай элестетсек болот. Эч кандай ой жүгүртүү жок.

- Азыркы учурда "цифровое слабоумие" деген диагноз пайда болгон. Тактап айтканда, санариптик кем акылсыздык. Мээ эч нерсе өндүрө албайт, бир саат мурда эмне көргөнүн эстей албайт, кайталай албайт, жөн гана картинкаларды кабыл алат, ал картинкалардын дагы баары негативдүү дегендей. 

- Интернетте себепсиз отуруу, баракчаларды жөн гана барактап бирөөнүн жашоосуна көз жүгүртүү бул текке кеткен убакыт. Эч кандай пайда жок. 

- Социалдык тармактагы нерселердин баары чын эмес. Ал жакка адамдар жакшы нерселерди гана жүктөшөт. Кирсең эле кеңеш бергендер толтура. Бирок өздөрү жасап жатабы же жокпу күмөн бар. Андыктан, ишене бербеңиз.

- Сүрөттөр фильтр экенин түшүнүңүз. Эч качан аларды реалдуу катары кабыл албаңыз.

- Кулинария, мода деп ар нерсеге каттала бербеңиз. Баары бир алардын баарын колдонбойсуз. Ашыкчаларды өчүрүп чыгыңыз. 

- Күнүнө 10-15 мүнөт эле отурам, анда дагы пайдалуу маалымат алам деп дисциплинага өтүңүз. Ошондо реалдуу, ары кызыктуу жашоого убакыт табылат. 

- Өзүбүз эстеп калбасак дагы мээ баарын сактап калат. Аны таштандыга толтурууну зарылчылыгы барбы?

- Соцтармактарда отурууну уланта берсеңиз, көз каранды болуп каласыз. Бул нерсе бара-бара ооруга алып келет. Андан арылуу үчун дарыланууга туура келет. 

- Максат коюңуз, хобби табыңыз. Бирөөнүн жашоосу менен жашабаңыз. Бир келчү жашооңуз калып кетпесин. Аны текке коротпоңуз. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин депрессияга кантип түшпөш керек? Сонун кеңештер

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт