// //

Кыздык белги тууралуу чындыкка туура келбеген 4 миф

2022.04.06, 12:16
13469

Эл арасында кыздык белги тууралуу мифтер көп. Биз аларды жокко чыгарып, чынында кандай болорун карап чыктык. Бул маалыматты билип алсаңыз, ашыкча болбойт. 

1-МИФ. Узак убакыт жыныстык катнашка барбаса, кыздык кайра бүтѳлүп калат

ЧЫНДЫК. Бул нерсе илимий жактан тастыкталган эмес, жалган маалымат. Кээ бир учурда кыздык чел айрылбай, жөн эле чоюлуп калат. Мисалы, жыныстык катнаш менен жашап жүрүп, бирок кыздык белгисинин дагы эле бүтүн экенин кийин билген айымдар кездешет. Бул нерсени көпчүлүк чел айрылып, кайра бүтѳлүп калды деп туура эмес түшүнүп алышат. Бул чоң жаңылыштык. 

2-МИФ. Ат минсе кыздык белги түшүп калат

ЧЫНДЫК. Ат минсе кыздык белгип түшүп калат деген калп. Кыздардын ат миниши алардын кыздык белгисине эч кандай таасирин тийгизбейт.

3-МИФ. Кыздык чел өз алдынча айрылбайт

ЧЫНДЫК. Кыздык жыныстык катнаш болбогондо деле айрылышы мүмкүн, бирок жүйөлүү бир себеп менен. Мисалы, кандайдыр бир травмадан, туура эмес жыгылганда, мастурбация учурунда, тампонду туура эмес колдонууда ж.б.

4-МИФ. Кыздык белги алынбаса бойго бүтпөйт

ЧЫНДЫК. Кыздык белги бар туруп эле бойго бүтүп калышы мүмкүн, мындай учурлар көп. Кыздык сперматозоиддердин киришине эч кандай тоскоолдук кылбайт жана сперматозоиддер жумурткага өздөрү эле жол таап алат. 

Төрөттөн кийинки биринчи секс: даяр болушуңуз керек болгон 5 нерсе

"Нормальный" жубайлар жумасына канча ирет жыныстык катнашка барат?

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

Биринчи нике түндөн корккон жигиттерге кеңеш

Жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан 6 себеп

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт