// //

Өз баламды күйөөм катары көрүп, аз жерден бүлөсүн бузуп ала жаздадым

2022.04.06, 11:07
15784

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул баянды жазсамбы же жокпу деп көпкө ойлондум. Бирок, айланамдагы курбуларым дагы мага окшош экенин, эң өкүнүчтүүсү өзгөргүлөрү келбей турганын билип, акыры жазууну туура көрдүм. Мага окшоп баласына күйөөсүнүн милдетин жүктөп койгон энелер толтура болуш керек.

Мен уулумду жалгыз тарбияладым. Күйөөмөн жарытарлык жылуулук, мээрим алалбай, акыры ажырашып тынганбыз. Ажырашканда дагы күйөөмдү унута албадым, ага болгон нааразычылыгым өтө катуу эле. Андан кийин турмушка чыкпадым. Күйөөмөн ала албаган көңүл бөлүүнү уулуман талап кыла баштадым.

Балама бүт өмүрүмдү арнадым. өз жашоомду унутуп, анынын жашоосу менен гана жашап калдым. Балам өз алдынча адам экенин унуттум. Ага чаң жугузбай чоңойттум. Болгон кружокторго алып барып, өзүм каалаган окуу жайга тапшырттым. Курбуларым менен жолукканда баламды эле сүйлөп отурчумун. Бир жолу курбум "ай токтотчу, балам эле дейсиң, өзүң жөнүндө айтчы" дегенде эмне дешти билбей калдым. Акыры курбуларым мени менен жолукпай калды. Мен аларга кызыксыз элем. Убагында таарындым, кийин гана катамды билдим.

Балам бой жетип менден алыстай баштады. Анан ага саат сайын жазып, чалып, кайда жүргөнүн сурай баштадым. Калп эле мага көңүл бурсун деп оорумуш болдум. Болушунча таарынып, кыялымды көрсөтүп, ага эркелей баштадым.

Бир кыз менен сүйлөшө баштаганын айтканда кадимкидей кызгандым. Анда дагы акылыма туура эмес кылып жатканым кирбеди. Ал кызды жамандап, ага татыктуу эмес экенин айтып, ага мен гана күйөт экенимди айтып сайрап, ыйлап, кыялымды көрсөттүм. Өзүмөн уялам.

Үйлөндү. Тынч жашатпадым. Күн сайын чалам. Келинге көргүлүктү көрсөтөм. Баягы уулум жок. Бактысыз болуп эки ортодо кыйналды. Жашоосун тозокко айланттым. Иче баштады. Мен ошондо ойлондум. 

Билбейм эмне болду, бирок уулумду кое бердим. Мурда эле ошентишим керек эле. Отуздан ашканда гана кое бердим. Келиним менен талашпай калдым. Мен баары бир апасы бойдон калам. Уулумду бактысыз кылгым келбеди. Үйдөн кубалай баштадым. Мен өз жашоомду кургум келди. Баштан баштаган кеч эмес дечү беле...

Шаарда 500 сомго турлар бар экен. Дем алыш күндөрү ошолор менен чыга турган болдум. Тоого чыгып, эс алып, ар нерсени ойлонуп келем. Кээде неберелерим менен паркка барабыз. Уулум менен келинимди эс алып келгиле деп балдарын алып калам. Баса, мен курактуулар үчүн бий курстары дагы бар экен. Ал жактан досторду таптым. Азыр алар менен чогуу тоого чыгабыз. Баары бир учурда мага окшоп ката кетиргендер экен, алар дагы эми ойлонуп жатышат.

Менин айтарым, балдарыңарды бүт жашооңор кылбагыла. Алар өз алдынча адам болсун. Силерди баары бир жакшы көрөт. Ата-энеси бойдон каласыңар. Кое бергиле, турмушуна аралашпагыла. Жаңылса сабак болот, ийгиликке жетсе дагы сабак болот. Өз арабаларын тартсын. Силердин кеңеш аларга керек эмес. Жөн гана сүйгүлө. Өз жашооңорду кургула. Баланын жашоосу менен жашабагыла. Өздөрү эмне кылышты билет. Өзүңөр жашагыла. Болбосо кийин катуу өкүнөсүңөр. Мээнетимди баалабады деп курмандык болосуңар. Жашоо бир келет. Силер өзүнчө адамсыңар, балаңарга тийишпегиле. Мына менин балам эми бактылуу. Аны көрүп мен бактылуу. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт