// //

Жигитим эки кызым бар экенин билгенден кийин мындай деп оозумду ачырды

2022.04.04, 15:51
25942

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен бир турмуштан жаңылдм. Жаңылганда дагы катуу жаңылдым. 

Окууну бүтүп айылга бардым. Апамдар, туугандар баары биригип "күйөөгө тий" деп туруп алышты. Анан айылыбызда эле жашаган бир бала менен тааныштырышты. Сүйгөн деле жокмун, кулак-мээм тынчысын деп эле ага турмушка чыгууга макул болдум. Бул мен кетирген эң чоң ката болду. Эч качан мендей болуп турмушка чыкпагыла.

"Мен кара далы болуп калып эле мага чыктың", "менден башка сени эч ким алмак эмес", "сен шаарда жөн жүрбөдүң, ким билет" деп күйөөм күн сайын мээмди жейт. Ачуу сөздөрдү айтып ыйлатат. Ажырашты деген сөздөн тартынып, элди ойлоп, өзүмдү курмандыкка чалдым. Бактысыз бул никеден эки кыздуу болдук.

Жашай албай калдым. Чын. Мен күйөөмдү көрө албай калдым. Жанында чыдай албай калдым. Мени түшүнгөндөр болот болуш керек. Акыры ажыраштым. Мурда эле ажырашып кетпегениме өкүнөм.

Кыздардан кабар албай турганын айтты. Макул, булар дагы адам болот, ошондо өкүнөрсүң. 

Мен отурган дүкөнгө көп жолу келчү болду. Келишимдүү жигит. Бир күндө төрт-беш жолу кирет. Анда дагы кымбат нерселерди алат. Көрсө, себеби мен экем. 

Артыман аябай чуркады. Күйөөдөң көңүлүм калган жаным жолотпой жүрдүм. Болбой эле сезимдерин арнап туруп алды. 

Эки кызымды ээрчитип келаткам. Алдыман чыкты. Кыздарымбы сурады. Ооба десем, унчукпай басып кетти.

Кечинде гүл менен шакек көтөрүп келди.

"Мен эми билдим, сен турмуштан жаңылып коркуп жаткан экенсиң. Мага бир мүмкүнчүлүк бер. Сени, кыздарыбыз менен чогуу бапестеп алам. Эгер көңүлүңдү бир жолу оорутсам, анда ошондо мага айт. Сөз тийгизбейм, мыкты күйөө болом. Мен сени сүйүп калдым. Коркпо, мен сөзүмо турам. Эгер такыр жакпасам айт, кетем, болду тынчыңды албайм."

Олуттуу карап туруп алды. Көз карашы курч эле. Мен ишендим. Моу жүрөк дагы башкача согуп туруп алды.

Сөзүнө турду. Үчүнчү ирет кыздуу болдук. Бир дагы жолу көңүлүмдү оорутпады. Эч кимге сөз тийгизбеди. Бактылуу кылып келе жатат. Андан ары дагы көрөрбүз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт