// //

Кайын энем бир шартына көнсөм, турмушубузга аралашпай турганын айтты

2022.04.02, 14:37
20047

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Жакшылап ойлон, эгер бул шартыма көнсөң, турмушуңарга кийлигишпейм. 

- Жообун качан беришим керек?

- Азыр.

Көшөгө. Башымда ак жоолук. Курсагым ач. Жолдон күйөөм шаурма алып берейин десе, жок үйгө жеткенде шорпо ичем деп койгом. Каап, жеп алсам болмок экен. Ой, оюм кайда бурулуп кетти. Ошо кайын энем мага бир шарт койду.

Курбум экөөбүз жамгырда калып калдык. Суу болуп чуркап баратып, мен көлчүккө кулап түштүм. Жаңы алган пальтом өлдү. Ыйладым. Аялдамада отуруп алып токтобой ыйлап жаттым. Курбум менден алыс туруп алган. Аны түшүнөм, сооротсо болбой койгом, анан уялды.

Бир жигит жаныма басып келди. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып берип, "эң негизгиси ден соолугуңуз жакшы экен, кулап түшкөндө бир жериңиз бир нерсе эмне болот, пальтоңузду жууп койсо болот" деди. "Акыл үйрөтпөгөң сен эле калдың эле" деп туруп, маршруткага түшүп кеттим.

Эртеси университеттен жолуктук. Мени күлүп карап өтүп кетти. Бул жакта окуйт турбайбы. Уялганымды айтпагыла. Аудиторияда отурсак, курбум чуркап келип, мага кат берди. "Жүрүңүз сабактан кийин пальто карап келели" деп жазылган экен. Сүйүндүм.

Эми минтип баш кошуп жатабыз. 

Кайын энем машинадан түшүрүп көшөгөгө жетеледи.

- Менин жалгыз уулум. Сага бир гана шартым бар, кызым. Аны сүйсөң болду. Эгер бул шартымды аткарсаң турмушуңарга аралашпайм. Мага ушул эле жетет. Болду эч нерсе кереги жок. Уулум сен десе ичкен ашын жерге коет. Ушунчалык жакшы көрөт сени кызым. Бул нерсени көрүү мен үчүн бакыт. Болгону сезимдерин жоопсуз калтыра көрбө...

Кайын энемди катуу кучактадым. Жообум кандай болгонун билип турсаңыздар керек. Курсагым курулдап кетти. Кайын энем сыртка терезеден башын чыгарып, " ай Жамиш, кызыма шорпо менен эт алып кел" деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт