// //

Досумдун аялы эмне үчүн меникинен бактылуу экенин билип өкүндүм

2022.04.01, 15:45
23766

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ош базардан ЦУМга чейин жөө басып келдим. Оюмда аяшым. 

Досумдун үйүнө перфоратор алганы баргам. Аяшыбыз базардан келип калды. Мынча сулуу, жок бактылуу. Жаман болуп кеттим. Сулуу жана бактылуу адам башкача болорун эми билдим. Анткени, меники сулуу, бирок бактысыз. 

Досумду бай деп деле айтпайм. Кичинекей эле батирде турат. Былтыр экинчи ирет ата болгон. Өзү светчи. Буйрутма алып иштейт. Мен ага караганда көп табам. Бирок...

Аяшыбыз кирип келип калса, жанымда турган досум перфораторду мага кармата салып чуркап барып баштыгын алды. "Картошкага эле барам дебедиң беле, мынча оорду көтөрүп жүрөсүң" деп бетинен өптү. Аяшым мени менен учурашып, чайга чакырды.

Көрсө балдары үйдө тура. Досум аларды уктатып коюптур. Экөөнүң сүйлөшкөнүнө суктандым. Бири-бирин тамашалап, чукулашып, экөөлөп дасторкон жая коюшту. Досум мага чай берди. Аяшкам куурдакка деп эт туурап жатып, колун кичине кокустатып алды. Досум чуркап барып үйлөп кирди. Стоп! Мен мындан ары чыдай албайм. Бата кылып туруп кеттим.

Узатканы чыккан досуман сурадым.

- Эмнеге ал сени менен мынчалык бактылуу. Акча көбүрөөк бересиңби же алтын алып бердиңби?

- Э досум, менде кайдагы алтын. Азырынча тапканыбыз могу эки тентектен чыкпайт. Сен туура эмес ойлонот экенсиң. Аялга жылуу сөз, жакшы мамиле, көңүл буруу, аны сүйөрүңдү айтып туруу гана керек. Ошондо ар бир аял ачылат, кыйкырганы басылат.

Мен бул нерселерди кылбайм. Ошон үчүн аялым бактысыз. Сулуу, бирок бактысыз. Аялым менин жүзүм экенин билдим. Өзүмдү ушунчалык жек көрдүм. Мен баарын оңдогум келди. Оңдой алат болушум керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт