// //

Шырдак шырып, төшөк тиккенди билбейм, балдарыма артыман эмне калат дечү элем

2022.03.31, 15:18
5718

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн уйку жок. Ары оодарылдым, бери оодарылдым. Ашканага барып суу ичип келдим. Кайра жаттым. Кайра турдум. Калп өзүмдү кыйнай бербейинчи дедим дагы, сыртка чыкым.

Түн. Ай өзгөчө жарык. Балтек "буга эмне болгон "деген көз менен карады. Эшиктин алдында балдарымдын оюнчуктары чачылып жатат. Аларды аралап скамейкага бардым.

Бүгүн мага бир ой келди. Мен өтүп кетсем балдарыма эмне калат? 

Ыраматылык таенем. Сексенге чыкканча жаны тынбады. Кичинекей кара кемпир эле. Бүкүрөйүп алып шырдак шырып, курак куруп, төшөк көктөп жүрө берчү. Карыганда жөн эле отурбайбы тытынбай деп, баарыбыз жактырбайт элек. Көрсө кары кишиге ошо дем берет турбайбы. 

Таенемди жоктоп боз үйдө отурганбыз. Улуу таежебиз кирип келип, баарыбызга таенемдин аманаттарын тапшырды. Бирөөбүзгө туш кийиз, экинчибизг жууркан, үчүнчүбүзгө шырдак ж.б. тийди. Небере, чөбөрөлөрүнө чейин унутпаптыр. Көрсө артынан ушуларды калтырып кетиш үчүн тытынып жүрчу тура.

Туш кийиз менин бөлмөмдө илинип турат. Аны көргөн сайын таенемди эстеп ыйлайм. Ар дайым мага дем берип турат. Сапаты ушунчалык сонун тигилген. Менин неберлериме чейин жетери анык. 

А менден балдарыма эмне калат? Төшөк тиге албайм, шырдак шыра албайм, сайма сая албайм...

Күйөөм чыкты. Баары жакшыбы сурады. Оюмду айтып бердим.

- Менин колумдан бир нерсе келет дейсиңби? Бирок, билесиңби экөобүз балдарыбызга бир нерсе бере алабыз. 

- Эмне?

- Сүйүү, сүйүү... Жөн гана аларды сүйсөк болду. Кандай болсо ошондой болушсун, кел жөн гана сүйөбүз. 

Таңкалып карадым. 

Үйгө кирип жаттык. Таенемдин туш кийизин сылап жатып уйкуга кеттим. Мээмде бир гана сөз калды, "сүйүү".

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт