// //

Досторум мени аялымдан кызганып, аны бирөө менен жүрөт дешиптир

2022.03.29, 12:10
19773

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен үйлөнгөндөн кийин аябай өзгөрүп кеттим. Башкага гана эмес, өзүмө дагы даана байкалып жатты. Үйгө шашам, көчөлөп жүрбөйм, тапканымды чогултам. Жумуш бүтсө эле, келинчегиме шашам. Аны менен чай ичип отургум келет. Бирок, досторума бул жакпады.

"Сен таканын алдына кирип баратасың" дешти. Унчукпадым. "Досубузду жоготтук" дешти. Унчукпадым. "Башкарылып калгансың го" дешти. Унчукпадым. "Аяшканы бирөө менен көрдү" дешти. Ыя?

Мен туура эмес чөйрөдө жүрүпмүн. Аттиң, мунун кеч билдим.

Досторумдун алдында кыйын көрүнүш үчүн, аялым чалса бакырып сүйлөчүмүн. Акыркы убактарда чалбай калды. Качан чалат деп күтчү болдум. Чалбай калгандан бери, өзүмдү бирөөгө керексиздей сезе баштадым. 

- Ким менен жүрөсүң?

- Түшүнбөдүм.

- Досторум сени бирөө менен колтукташып кетип баратат дешти.

- Мен тажадым. Сен аябай өзгөрүлүп кеттиң. Эми ошого ишендиңби?

- Ким эле ал?

- Мен күнөөсүз болуп туруп актанбайм. 

Басып кетти. Маанайы жок. Жайнаган көздөрү жок.

Досторум чалды. Мен жолугушууга кетип калдым. 

- Иий, келет экенсиңго!

- Аялым точно бирөө менен кетип баратты беле?

- Жок ай, тамаша болчу. Антпесек, үйдөн чыкпайт элең. Аяшка менен уруштуңбу? 

Каткырып жатышты. Мен туура эмес чөйрөдө жүрүпмүн. Ыйык болгон үй-бүлөмдү бузууга даяр болгондор, менин досторум эмес. Жөн гана чыгып кеттим.

Үйгө келдим. Эшикти тыкылдаттым. Аялым ачты.

- Кире берейинби?

Жалдырап карап турдум. Күлүп жиберди. Кучактадым. "Кечир, сага гана ишенем" деп кулагына шыбырадым. Чай ичкени жөнөдүк. Аз жерден уямды бузуп ала таштадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт