// //

Эмне үчүн адамда үч же төрт эмчек болот? Кызыктуу 6 факт

2022.03.29, 09:34
3118

Үчүнчү эмчек (бир нече болсо кошумча эмчек деп да аталат) - денеңизде бир же бир нече кошумча эмчектин болушу. Тактап айтканда, кадимки эки эмчекке кошумча, дагы башкалары болот. Келиңиз бул тууралуу маалыматтарды билип көрөлү.

- Бул кошумча сүт бези, башкача айтканда рудимент, организмдин тарыхый өрчүү процессинде өзүнүн негизги функциясын жоготкон орган.

- Үчүнчү же кошумча эмчек адатта кадимки эмчектегидей толук өнүккөн эмес. Кошумча эмчек дароо байкалбайт. Анткени кээ бирлери эмчектин кадимки белгилери жок кичинекей бүдүрчөлөр сыяктуу көрүнөт, бирок башкалары бир караганда кадимки эмчек сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

- Кошумча эмчек колтуктун тегерегинде же сүт безинде жайгашкан болушу мүмкүн. Бул кошумча эмчекти меңден же туубаса калдан айырмалоонун эң оңой жолу. Ошондой эле, кошумча эмчектер дененин дээрлик бардык жеринде, атүгүл колдо же бутта пайда болушу мүмкүн.

- Айымдардагы кошумча эмчектен кош бойлуулук жана лактация учурунда сүт чыгышы мүмкүн.

- Үчүнчү эмчек эмбриондун түйүлдүктө калыптанып жаткан мезгилинде пайда болот. 

- Кошумча эмчекти алып салуунун кереги жок. Аномалдуу эмчектер эч кандай негизги ооруну көрсөтпөйт. Бул адамдын өзгөчөлүгү, аны дарылоонун кажети жок. Эгер бул нерсе ойго салып жаткан болсо, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп койсо болот.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат

Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек

Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт