// //

Күйөөм эмнеге менден башка айымдарды карабайт экенин айтып жашытты

2022.03.28, 11:36
9827

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Тойго барганбыз. Баш кошкондон бери эч жакка чыга элек болчубуз. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Эртеден кечке көйнөк тандап, салонго жазылып, өзүнчө эле бактылуумун. Күйөөм болсо мени жылмайып карап отурду. 

- Кеттик, даярмын.

- Чындап эле даярсыңбы? Же башка сумкаңды алып чыгасыңбы?

- Эй шылдыңдабачы, бул туфлиге кара сумка жарашпайт болчу. Кеттик, чын даярмын. 

 - Тамаша, тамаша, жүр.

Аяшыбыз үйлөнүп жаткан. Эми ресторан укмуш экен. Болушунча чачылыптыр. Эми жакшылыкка чачылса мейли, өзү билет да. Дасторкону толтура тамак, анан айлана толтура сулуу айымдар. 

Күйөөм башында колумду жетелеп кирген. Ошол боюнча кое берген жок. Достору менен учурашып жатып дагы, бир колу менен мени кармап турду. Мынча сонун. 

Күйөөм келишимдүү, бою узун, ак жумал мырза. Аяштары тийише берет экен. Бирок күйөөм бирөөнө дагы "повод" бербей отурду. Мени менен гана бийлеп жатты. Бир-эки аяшы келип бийге чакырды эле, баш тартып койду. 

Бийчи кыздар чыкты. Чыгыш бийи. Бүт эркектер аларды карап, кол чаап, ышкырып киришти. Күйөөм телефонун чукулап, менин колумду кармап отурду. Бир дагы жолу аларды карабады. Менин сүйүнгөнүмдү айтпагыла. 

Кечинде тойдон чыгып, эки пакетибизди көтөрүп алып жөө басууну чечтик. Ар кайсыны сүйлөшүп келатып, оюма жанагы учур түштү. 

- Эмнеге чыгыш бийин бийлгене кыздарды карабадың. Баары кол чаап жатышты го. Анан дагы сулуу кыздар экен.

- Мен өмүр бою карап өтө турган кыз тапкам. Мага ошол кызга татыктуу болуу маанилүү. Жанында аялы отуруп, башкага көз салгандарды түшүнбөйм. Меники жанымда божурап кетип баратат. Башканын эмне кереги бар. 

Акырын чачымды кулагымын артына алып, күлүп карап койду. Бакыттын көз жашы тып этип тамып кетти. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт