// //

Күйөөмө ким көйнөк алып бергенин угуп чалкаман кеттим

2022.03.25, 12:23
17395

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Маанайы сонун болуп үйгө келди. Кыңылдап ырдап койгонуна эмне дейин. Карап коем. Мени байкабайт. Көйнөгүн акырын чечип, чаңын күүп, шкафка илип койду. Кайдагы кымбат көйнөк?

Турмушка чыкканыма төрт жыл болуп калды. Жашообуз жакшы. Арманым жок дегендей. Былтыр кыздуу болдук. Азыр эрмегибиз ошол. Күйөөм экөөбүз баш кошуп жатканда, эч нерсебиз жок болчу. Балким, ошондон улам, атам аны такыр жактырбай койду.

Атамды түшүнөм. Ар бир ата-эне баласына жакшылык каалайт. Жок, атам каршы эмес, болгону жактырбаганы байкалып турду. "Кызым аны сүйөсүңбү?" деп гана бир жолу сурады. Жообумду уккандан кийин каршы болбоду. 

Менин тапканымды бир дагы жолу албады. Ишенесиңерби? Өзүңө корото бер деп коет. Өзүнүкүн чогултуп жүрүп жер алып, там салды. Мен өзүмдүкүн чогултуп койгом. Кыздуу болгондон кийин үйдө отуруп калбадымбы, жакшы экен, эки жакка чыкканда, акчамды колдонуп эркин жүрөм. 

Күйөөм бүгүн бирөө менен жолукмак. Эртең менен жумушуна шашып баратып айткан. Ким десем, жөн эле деп койгон. Кеч келди. Келгенде дагы жаңы көйнөк кирип келди. 

Кыңылдап ырдап диванда жатат. Барып туруп ким экенин сурадым. Айтпайм десе болобу. Карап тура бердим. Күлүп жиберди. 

- Кызганчагым, оюңа айымдар келе баштадыбы? Атам менен жолуктум, сүйлөштүк, буйруса баары жакшы болот. Тил табыштык өңдүү.

- Атам? Менинби?

- Ооба, кечээ чакырган. Барып келдим. Көйнөктү берди. 

- Эмне деди?

- Сенин тандооң мыкты экенин айтты.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт