// //

Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип, өмүр бою бапестеп өтөм дедим

2022.03.22, 14:23
10254

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет оурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Мага ишенгенин, мени катуу сүйгөнүн, мен үчүн баарына кайыл болгонун ошондо билдим. Ырас ошол күнү кызуу байкесин үйүнө жеткиргени барыпмын. Жолдо баратып мага бүт чындыкты айтып берди. А мен колумдагы алтында барктабай эле жүргөм.

Чөнтөгүндө бир тыйын жок, жумуш табалбай, колуна эски дептер көтөрүп университетке барган, сабак мээсине кирбей, курсагы курулдап отурган бир жигит элем. Кабагым ачылбай жүрөт элем. Ошондо мен келинчегиме жолуктум.

Жигиттер кээде ойлонбой эле иш кыла берет экенбиз. Үйлөнөм деп чыкканыма таңкалам. Дароо эле "мага тиесиңби" дедим. Ата-энеси эмне дейт, туугандарычы ойлонбоптурмун дагы. Апамдарга айтсам каршы болушту. Мен болбой үйлөнөм дедим. Билбейм, жүрөгүм ушул адам менен бактылуу болорун сезди.

Туугандары каршы болушат го дегем. Келинчегим унчуккан жок. Анын үстүнө бардар үй-бүлөнүн кызы эле. Бир тыйыны жок жигитке кантип турмушка чыгып жатат деп таңкалгам. Көрсө ал чоң бороондон өткөн тура.

"Карындашым сен үчүн канча бай жигиттерди чанды, билесиңби? Жок билбейсиң. Атам менен апам, туугандар аны катуу урушушту. Ал сени сөзсүз бутуңа турарыңды, жакшы инсан экениңди айтып туруп алды. Биринчи жолу болочок күйөөсүнө ишенген кызды көрүшүм. Карындашым сен үчүн далай уруш жеди. Туугандар баш тартабыз деп дагы чыгышты. Ушунча ишенгидей адамсыңбы? Айтчы күйөө бала? Мен көрбөй эле турам! Карындашым кайсы көз айнек менен көрүп турат?"

Кызуу болгон байкеси ар нерсени сүйлөп баратты. Мен ага ачууланбадым. Мен өзүмө ачууландым. Келинчегим мен үчүн ушундай курмандыкка барыптыр, а мен ага эмне кылдым. Баш кошконубузга 5 ай болду. Менде баягы эле абал. Муштумумду түйдүм.

Байкесин жеткирип коюп үйгө келдим. Келинчегим тосуп алды. Ушунчалык аны сүйөрүмдү билдим. Катуу кучактап алдым. Акыркы акча алган шоколадды берип, уктап калдым. Эртең мен башкача адам болуп ойгонушум керек эле. Менин аялым мындай үйдө, мындай шартта жашабайт.

Э достор, аракет кылса баары болот экен. Тытынып иштедим. Бутума турдум. Далай кыйынчылыктар болду. Бирок, келинчегимди бапестеп, анын ишеничин актагым келди. Мен үчүн ишенген үмүтүн актагым келди.

Жанымда болду. Ишенген көздөрү менен карап турду. Мага ошол эле жетиштүу эле. 

Азыр туугандары, баягы байкеси баары мага башкача мамиле жасап калышты. Мен дагы аларга сый мамиле кылам. Алар деле каршылыгы менен түрткү болушту. Азыр турмуш шартыбыз мыкты. Баягы студент жигиттен таза жүрөк гана калган. Мен ошону сактагым келди. Сыртым кычыраганым менен жан дүйнөм жөнөкөй. Кудум келинчегим мени сүйгөндөй. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт