// //

Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

2020.11.12, 15:25
23457

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Кайын энем “зыңк”! Бетке, бетке айтып туруп, ордуңа коюп коет. Чанжырабай факт менен сүйлөйт. Анан кирерге тешик таппай каласың. Башыман өткөн, ошон үчүн айтып жатам.

“Апа, мунун келини мындай экен да”,- деп уккан ушагыңды айтып берсең, “кайын энеси кандай экен, күнөөнүн көбү ошондо”,- дегенде өчөсүң. Уул-келиндерине “жакпасам бир жериме эмес, бетиме айткыла, мен деле адаммын ката кетирем”,-дейт.

Жаны күйөө бала болуп келгенде кадимкидей коркчумун. Жанына барып отургандан качат элем. “Саламатсызбы апа”,- деп учурашып коюп эле, сыртта кызматын кылып коюп жүрө берчүмүн. Бир жолу эт бышырып отурсам басып келди.

- Уулум, мен деле жаш кезимде “красавица” болгом, минтип бетиме бырыш түшүп калса эле жактырбай кача бересиңби? Коркпо, бырыштарым тиштеп, ак чачым жеп албайт.

- Жок, апа, андай эмес, тиги, неме, туура эмес түшүнүп калдыңыз окшойт...

- Ай, көп сүйлөбөй шорпоңон куюп берчи.

Келинчегим дагы кайын энемди тартып тамашакөй. Кудайдын куттуу күнү боорумду эзет.

Балдызымдын кыз узатуусу. Кудалар өзүбүзгө окшош карапайым үй-бүлө экен. Алып келген ачуу басарын үйгө ташып жаткам. Туугандар чогулуп карап турушкан. Бир эле блок фанта кошконун көрүшүп, “иий, бир эле блок бекен, элге эмнени таркатасыңар?”, -деп кудалардын көзүнчө айтып жиберишти.

Кудагый ыңгайсыз боло түшүп, “жок, дагы алып келебиз”,-деп шашкалактап кирди. Ошондо кайын энем, “ай, стоп, кызымдын бактысы бир блок фанта менен чечилбейт. Бар сен, сен, сен чыгып кет. Тойдо ниети жакшы адамдар болушу керек. Куда, бери кара, кызым уулуңар менен бактылуу болорун айтты. Мен ага ишенем, көзүм да жетип турат. Болду, болбогон сөздү токтотуп, жүр дасторконго отуралы.”

Кайын энем жаныман өтүп баратканда, “Апа, красавчик!” десем, мага бешти берип койду. Сонун адам да.  

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт