// //

Диплому жок эле Google'га жумушка кирген Асыланын окуясы

2022.03.18, 11:03
16297

Асыла Акулуева Google компаниясында иштейт. Диплому жок, 19 жашта, Бишкекте турат. Анан кантип мындай чоң компанияга жумушка орношту? Асыланын баянын төмөндөн окуңуз. 

700 кишинен ичинен өттүм кеттим

Мен 19 жаштамын. Google компаниясында продакт-менеджер болуп иштейм. Кантип кирип калдым? Баарын кызыктырган суроо. 17 жашымда, интернеттен стажировка боюнча макала көрүп калдым. Ал "Google Careers" деген сайт. Ал жерден бүткүл дүйнөдөгү студенттерди алат экен. Өтүнмө таштап койдум. Анан 700 кишиден 30ду алышты. Ал отуздун ичинде мен бар болчумун. Стажировкадан өзүмдү мыкты көрсөттүм. Анан мага жумуш сунушташты. Бирок мен ал убакта 17 жашта элем, жумушка 18 жаштан алышат. Андыктан, стажировкам кичине созулду. 18 чыкканда, туулган күнүмдө расмий түрдө жумушка алышты. 

Диплом керек эмес

"Диплому жок эле ишке алыштыбы?" деп сурашат. Бизде мындай миф бар, чоң бир компанияларда иштөө үчүн сөзсүз дипломуң болуш керек деп ойлошот. Бул жаңылыш пикир. Негизи жок. Компаниянын 40 пайыз жумушчуларынын диплому жок. Демек, силер дагы өтө аласыңар. Мен азыр студентмин, ошол эле убакта иштеп дагы жатам. Демек, сиздин дагы колуңуздан келет.

Кызыктуу адам экениңер резюмеде көрүнсүн

Стажировка үчүн өзүңөрдүн резюмеңерди жөнөтөсүңөр. Резюмеңизге өзүңүз жөнүндө маалыматтарды жазыңыз. Компания сизди алганда кандай пайда болорун көрсөтүңүз. Эч жерде иштебесеңер, резюмем бош деп коркпогула. Адам өзү кызыктуу болуш керек. Ошондо силерди стажировкага чакырат. Мисалы, мен деле 17 жашта болчум, көп жерлерде иштебегем. Мен катышкан конкурстарымды, дебат, ыктыярчы болгондорумду жазгам. 

Англисче сүйлөгөндү үйрөнгүлө

Мага англис тилим жардам берди. Англис тилин окугула. Компания силердин жазганыңарды эмес, кантип сүйлөгөнүңөрдү карайт. Мен барганда грамматикамды эмес, өз оюмду кантип жеткире аларымды караган. Ошондуктан, сүйлөө жөндөмүңөрдү жакшырткыла. 

Ата-энеңер каршы болсо

Менин ата-энем эмне кыларымды азыр деле түшүнүшпөйт. Бирөөлөр "кызыңыз эмне жумуш кылат" десе, "интернетте иштейт" деп жооп беришет. Биринчиден, өзүңөр баштай бергиле, алар жыйынтыкты көрсө түшүнүп баштайт. Мисалы, мен IT тармагындагы биринчи айлыгымды аларга алып келип бергем, алар аябай таң калган, кайдан алганымды сурашкан. Ошондо баарын айтып бергем. 

Колуңардан келет, ишенгиле

Мен кыялыма жеттим. Башкалар дагы кыялына жетсе экен деп тиленем. Мен Кыргызстандан туруп, ушундай чоң компанияга жумушка орноштум. Бул жетишкендигиме аябай кубанам. Алдыда дагы чоң пландарым бар. Колуңардан келет, ишенгиле. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт