// //

Үйгө кирген уруулар баарын алып, бирок муну таштап койгонун көрүп жашоом өзгөрдү

2022.03.16, 12:27
27359

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апамдан коркчу эмесмин, атамдан коркчу эмесмин. Тентектигимден денемде соо жер жок, баары тырык, тактар. Айылды эбак изилдеп бүткөм. Эми достор менен шаарга түшкөндү адат кылып алдым. 

Көтөргөнүм айфон, алдымда машина, чөнтөктө акча толтура. Акчаң болсо баары болот деп ойлогом. Бирок, бир окуя мени өзгөрттү. Баса, бул баянымды жазып жатканга чейин колума калем алган эмесмин. Эми минтип оюмду топтоп, туура жазганды үйрөндүм. Баягы сөгүнгөн, элди теңине албаган тентек жигит жок. 

Кезектеги кече. Достор менен бийледик, ичтик, кыздар менен тааныштык, акчамды чачтым. Таң атып калганда үйгө жөнөдүм. Демейде, менден көңүлү калып уктап жаткан ата-энем бүгүн ойго экен. Үйдүн дагы светы күйүп турат. Буларга эмне болгон дедим. Азыр концерт коюп, мага акыл үйрөтүшөт деп кирип баратып, атамдын мурду канап жатканын көрүп калдым. 

- Ата эмне болду?

- Үйгө ууру кирди. 

- Кандайча?

- Ошоо, баарын алып кетишти, кара уулум, биз жылаңач калдык. 

Атам үндөрдү угуп чыга калса, бирөөсү муштап, ээсин оодара чааптыр. Апам байкуш жүрөгү түшүп, болгон буюмдарды, акчаларды салып бериптир. Милицияны күтүп отурдук.

Үйдө эч нерсе жок. Баары сынган, талкаланган. Көзүмө эмне түштү дебейсиңерби. Текчедеги чоң атамдын китептери. Ооба, китептер. Аларга эч ким тийбептир. Ошолор гана тизилип турду. Менин оюма бир нерсе келди. Акчаны бирөө оңой эле тартып алат экен. А бирок китептерди, мээңдеги маалымат калат тура. Мына акчабыз жок, мен ким болуп иштей алам. Эч ким, анткени мээм бош. Эгер атамдын сөзүн угуп окусам, дароо эле акчаларды таап, ордуна коюп коймокмун. 

Менин өзгөргөнүмдү көргөн ата-энем аябай кубанды. Колумдан китеп түшпөйт. Телефондун ордуна китеп чукулайм. Баягы тентек жигит жок. Келишимдүү, акылдуу бирөөгө айландым. Жашоо сонун экенин көрдүм. Азыр акчам жоголсо коркпойм, анткени мээмдеги маалымат мени ач калтырбайт. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт