// //

Аялыма "зато" карыганда бактылуу жашайбыз" деп айтканыма өкүндүм

2022.03.15, 16:42
19944

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен жеңилдим. Мени убакыт жеңди. Азыр мени карап шылдыңдап күлүп отурат. Аны менен урушкум келди. Жерге көтөрүп чапкым келди. Бирок, колума кармай албайм. Артка кайтара албайм. Мен анын алдында алсыз экем. 

Бир гүл. Бир гүл. Бир гүл бербегениме өкүнөм. Гүлдүн акчасын карылыкка деп сактаганыма өкүнөм. Мен жаштыгымды өткөрүп жибергениме өкүнөм. Баалуу күндөрүмдү өткөргөнүмө өкүнөм. 

Бүгүн кыркылыгы болду. Кырк күн болду. Жылуу жуурканда, жанымда эмес, муздак топурак астында жатат. Сулуум менин, кечир мени.  Мен сенин жаштыгынды карылыкка жылдырганыма кечир. Аттиң, карылыкты чогуу өткөрөбүз дегем. Бирок, ал учурда могу нерсенин баары кереги жок болуп калат тура. 

Мен тапканымдан баарын чогулта берчүмүн. "Карыганда жыргап жашайбыз" деп көп айтчумун. Өзүмдөн, аялымдан, балдарымдан баалуу нерселерди аядым. Майрамдарда гүл алып бербедим, арзан продукты сатып алдым, торт жегенден баш тарттым. "Любой" жерден үнөмдөп жашачумун. Жаш туруп кийингенибизди, жегенибизди көрсөңөр. Мынча акылсыздык кылдым...

Карыган адамга акчанын деле кереги жок экен. Карыганда жаш кезиңде кылгандарды эстеп, жыргап жашайт экенсиң. А мен эсте каларлык эч нерсе кылбапмын. Кечир сулуум, сенин дагы тагдырыңды талкаладым.

Мен карылыкты жалгыз тосорумду кайдан билдим. Сага деп чогулткан акчаларымды эмне кылам. 

Азыр жашагыла. Бүгүн жашагыла. Эртең деген нерсе жок. Өзүңөрдөн аябагыла. Ошондо гана убакытты жеңе аласыңар. Аны ошондо гана туура пайдалана аласыңар. Карыганда силерге акча эмес, жаштыгыңарда өткөргөн элестер бакыт тартуулайт экен. Сулуум кечир мени... Сага бакыт тартуулай албадым. Эми балдарыбыздын балалыгын бакытка бөлөйм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт