// //

Кемпирим экөөбүз алтымышка таяп калганда көптөн күткөн кыздуу болдук

2022.03.09, 11:06
38185

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Байбичем менен отузга барып калганда баш коштук. Биздин убакта бул өтө эле кеч болчу. Бирок экөөбүз тең билимге умтулуп жүргөн жан элек. Москвадан таанышканбыз. Мекенибизге келип экөөбүз эки жакка кеттик. Бирок байланышты үзбөдүк.

Кат жазышып алышкан күндөр, эх... Ага жуучулар келе баштады. Менин болсо, кулак мээмди жей башташты. Акыры жумушка шылтоолоп, туугандардан алыс районго кетип калдым. Кулак-мээм тынч, бирок "ушул жөн жерден үйлөнбөй жүрөт" деген ушактар көбөйө баштады.

Экөөбүз жаңы-жылда жолуугуну чечтик. Көрүшө элегибизге төрт жыл болуп калган эле. Мен станцияга бардым. Башындагы сары жолук, чачтары тармал, көздөрү бакырайган сулуу кыз мага кол булгалады. Мен жакка чуркап келатканда эле, болду үйлөнөм деп чечтим. 

Экөөбүз коштошо албай жатып коштоштук. Бир жумадан кийин барып алып кетем деп сөз бердим. Сөзүмө турдум. Апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла. 

Төрт уулдуу болдук. Балдарыбызды бутуна тургузуп, татыктуу билим бергенге аракет кылдык. Жолдоруна салып, өх дедик. Бирок, экөөбүз тең кыздуу болгубуз келчү. Кудайымдан кыз сурап жүрүп, акыры жашыбыз өтүп кетти. Анын үстүнө байбичем дагы ооруп калды. Мен болду, кыялды унуталы деп, ага бешинчи ирет кош бойлуу болууга макул болбой койдум. Ал жок мен кантем...

Уулдарыбыз дагы бизди тартып үйлөнүүгө шашпай жүрүшөт. Үчүнчү уулубуз үйлөнөм дегенде, баарыбыз шок болдук. Эмне кылыш керек билбейбиз. Кайра уулубуздан сурап коебуз, эмне кылалы деп. Ал "жөн гана тоюма келип бергиле" деди. 

Алтымышка таяп калганда кыздуу болдук. Келин албадык, кыз алдык. Үй өзүнчө жанданды. Сары, кичинекей кыз пайда болду. Тыпылдап ары-бери чуркап, "ата", "апа" дегенде ыйлагыбыз келет. Чай сунганычы. Баары келиндүү болдуңарбы дешет, жок, кыздуу десек таңкалышат. 

Байбичем аны менен дүкөнгө барганды жактырат. Экөө сулууланып келишет. Жашарып дагы калды. Уулума бөлүнүп жашагыла деп айттык. Келиним болбой койду, "апам, атамдар менен эле жашайлычы" деп. Сүйүндүк. Эми минтип сыйын көрүп отурабыз. 

Кечээ уулум менен кызыбыз бизге сүйүнүчтүү кабар айтышты. УЗИден кыздуу болушарын билишиптир. Кыялдар баары бир орундалат экен. Карылыгыбз буйруса жакшы өтөт экен. Кызыбыз келгенден бери бактыбыз тоодой. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт