// //

Күйөөм эмнеге мени төркүнүмө кетире албай кыйнаганын билип шок болдум

2022.03.07, 11:48
25352

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

- Баргым келбей эле.

- Апамдардан кабар алып кел да, бир-эки күн.

- Жакында майрам, анын үстүнө жол алыс, барбайм.

- Кой, барып кел, майрамга келип каласың, барып келчи.

- Сага эмне болгон? Баары тынчпы? Демейде кетиргиң келбейт эле го...

- Эми апаңа барып кел дегеним эле... Барып келесиңби?

- Макул, азыр апам менен сүйлөшөйүн.

Күйөөм сүйүндү. Мен таңкалдым. Бир нерседен шекшидим. Бул бир нерсенин үстүнөн чыкканы турат. Демейде, "сагынып кеттим", "качан келесиң", "балдарды сагындым" деп жанымды койбойт. Бул ирет кетиргенге шашып жатат. Кызык...

Балдарга таенесине барабыз десем сүйүндү. Ары-бери чуркашып, даярдана баштады. Күйөөм дагы жыргап жүрөт. Акыркы убактарда башкача, колунан телефон түшпөйт. Сүйлөшүп жатканда кире калсам, телефонун өчүрүп же башка бөлмөгө чыгып кетет. Жашырынып калды. 

Апама чалсам ал дагы таңкалды. "Ай, келе бер, бирок жол алыс, балдар менен кыйналбайсыңбы" деди. Балдарым сүйүнүп алган, айла жок барышым керек. Алардын көңүлүн түшүргүм келбеди. 

Күйөөм таксиге салып, өзү шашып жөнөп кетти. Жалдыраган боюнча кала бердим. Балдарым жыргап жатышат. Мен ичимден күйүп жаттым. Мээме кандай ойлор келип жатканын айтпасам дагы билип турсаңар керек. 

Эки күн мага миң күндөй эле болду. Күйөөм жеткенде бир жолу чалды, ошол бойдон жок. Мен чалсам бат-бат сүйлөп коюп коет. Үйгө жеткенге көзүм төрт. Сениби шашпа! Баары бир билем! Мени кетирип алып эмне кылып жатасың, ыя...

Тосуп алам деген жок. Чалсам телефону өчүк. Балдар менен жүдөп маршруткага түштүм. Ачуум мурдумун учуна келди. Беш эчким тоодон түштү. Эртең 8-март, майрам. Көңүлүм жок. 

Көргөн көзүмө ишенбедим. Таңкалып туруп калдым. Колумдагы апам берип жиберген эт менен алмалар жерге түштү. 

Мен каалаган кухня. Кыялымдагы кухня. Столдор, шкафтар... Ааааа... Мынча кооз. Ары-бери чуркап, баарын ачып, кармалап, ишене албай турдум. Бир келип күйөөмдү өбөм, кайра барып шкафты ачам, столдорду ары-бери жылдырам. Мен каалаган кухня!

Күйөөм майрамым менен куттуктап, мен көптөн бери кыялданып жүргөндөй кылып ашканабызды ремонттоп, жаңы мебелдерди алыптыр. Бут мен каалаган, бир учурда ага көрсөткөндөй. Мен бактыман шок болуп туруп калдым. 

Күйөөм жактыбы десе, ананчы деп ары-бери чуркап жүрдүм. Рахмат алтыным! Рахмат берекем! 

"Ииий, ким менен жүрөт деп ойлодуң э" десе, уялганымдан күлүп жибердим. Сонун сюрприз болду. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт