11 жыл жашаган күйөөсү менен 54 мүнөт үчүн ажырашууну чечкен аялдын баяны
Алар 11 жыл чогуу жашашты. Сезимдер сууп баштады. Эми мындайча айтканда, мамилелери муздап калды, бирок ага карабай дагы эле жашап жатышты.
Күндөрдүн биринде экөө күйөөсүнүн кесиптешинин юбилейине жөнөштү. Айжан абдан убара болуп, дээрлик бир күн бою белекке деп торт бышырды.
Келишти. Керектүү кабатка чыгышты. Коридор караңгы (лампочка күйүп кеткен экен).
Эшиктин коңгуроосун басышты. Айжандын колунда торт. Ошол учурда анын колготкиси ылдый түшүп кетти. Тортту коридордогу тумбочкага койду да, колготкисин оңдош үчүн ийилди.
-Ооооо, ким келди! - кесиптеши эшикти ачты.
Ал Айжандын күйөөсүн жетелеп батирге киргизип кетти. Бирок Айжанды байкаган жок. Эшик тарс жабылды.
Айжан торт кармаган боюнча коридордо калып калды.
Башында күлкүлүү болду. Ал калып калганын түшүнүшөт да, күнөөлүүдөй эшикти ачышат. Айжан бул жагдай үчүн күлкүлүү фраза ойлоп таап, даярданып турду:
— Тортторду жеткирүү кызматы! - мисалы, вариант катары. Ошондо баары күлүшөт.
Бирок убакыт өтүп жатты. Эч ким күйөөсүнөн анын кайда экенин сураган жок. Ал эми күйөөсүчү, эң негизгиси, күйөөсүчү! Ал бир канча мүнөт мурун кирген эле го...
Күйөөсүндө баары жакшы окшойт, "бир нерсе же бирөө жетишпей жатат" деп ойлогон дагы жок. Аялы барбы, же аялы жокпу иши жок.
Айжандын торт кармап турганына жарым саат болду. Эми такыр күлкүлүү болбой калды.
Ушунчалык ыза болду.
Эх…
54 мүнөт.
Айжан коридордо 54 мүнөт турду. Акыры анын телефону шыңгырады.
- Кайдасың? – деп күйөөсү жайдары үн менен сурады.
Демек, ал жыргап көңүл ачып жаткан экен.
- Мен эшиктемин.
- Эшикте? Дагы элеби? Эмне кирбедиң?
- Эми кирүүмдүн зарылчылыгы жок?
- Түшүнбөдүм?
Күйөөсү эшикти ачты.
— Тортторду жеткирүү кызматы! – деди дагы, тортту күйөөсүнө сунду.
Ал таңкалып тортту алды.
- Фирмалык рецепт менен жасалган торт, курч бычак менен кылдат кесип жегиле. Саламатта калыңыз…
Айжан артка бурулуп, үйүнө кетти. Анан бир айдан кийин ажырашып кетти.
Маалымат интернет булактарынан алынды.