// //

Күйөөмө башка кыз алып бергиси келген чоң энеси мени минтип сынады

2022.02.28, 15:59
17303

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

- Жыпаш, эртең коноктор келет экен.

- Апамдарбы?

- Ооба, анан эки чоң энем. Ким экенин билесиң?

- Сага башка кыз издегенби?

- Ооба, жакшылап даярданып койчу.

- Макул. Сен качан келесиң?

- Бир саатан кийин чыгам. Эмне ала барайын?

- Сникерс менен чипсы.

- Макул жаным.

Экөөбүз шаарда батирде турабыз. Үйлөнгөнүбүзгө үч ай болду. Бактылуу күндөрдү башыбыздан кечирип жаткан убагыбыз.

Айылдан келген коноктордун аягы сууй элек. Бирөөсүн узатсак, экинчиси келет. Кайын энем улам эт салып жиберет. "Кызым, кыйналбай ушуну асып эле берип кой" деп жан тартат. Баары бир дасторконду толтурушуң керек экен. Эми минтип мени жактырбаган эки чоң эне келе жатат.

Курбусунун кызын күйөөмө алып берем деп жүрүшчү экен. Анан небереси мени гана аларын айтып туруп алат. Жөн жерден жаман көрүнүп калдым. Кайын энем көңүлгө алба дейт. Экөө мен келгенде эле жактырбай жүрүштү. Жаман болот экенсиң. 

Күйөөм экөөбүз түнү менен салат, боорсок жасадык. Дасторконду толтурдум. Кайын энеме чалып чоң энелерге эмне тамак жагарын сурадым. Ал айтып берди. Кайра апама чалып, видеочалуу аркылуу аларды жасап кирдим. Көңүлдөрүн алайын деген эле аракетим.

Келишти. Учурашып тосуп чыктык. Небересин өөп, мени менен суз гана учурашып коюшту. Дасторконду көргөн кайын энем, "кызым, аябай убара болупсуң" дешти. Тиги экөө "эч нерсе болбойт" деп төргө өтүштү. Экзамен башталды.

"Атайын силер үчүн жасадым" деп биринчи тамакты алып келдим. Экөөнө салып берип, чайдан узатып жаттым. Экинчи тамакты алып келип, ал бүтөөрү менен үчүнчүсүн сундум. "Ай, чындап эле мынча убара болдуң" деп киришти. Тамакты мактап жеп жатышты. Экөөнө деп алган белегимди бердим. Тим эле сүйүнүп мактап киришти. "Неберем сонун аял алган турбайбы" дешип күлүп калышты. 

"Силердей чоң энем болсо деп кыялданчумун, эми минтип экөө болду" деп жылуу сүйлөп, улам чай сунуп, күлүп отурдум. Баягы каардуу эки кемпир жок. Мага баталарын берип, айылга узап кетишти. Кайын энем "акылдуу кыз" деп чекемен өптү. 

Азыр экөө тең "Жыпаш" деп турушат. Айылга барсам үйлөрүнө чакырып чай беришет. Чынында сонун эле апалар экен. Болгону тилин таап алыш керек болчу экен. Азыр тамашалап "иий, менин ордума башка кыз алып берем дегенсиңер э" десем, "жок ай" деп күлүп качышат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт