// //

Эгер сизге бул 5 адат тааныш болсо, анда өзүңүздү сүйбөйсүз

2022.02.24, 12:50
22328

Салам достор! Психолог Ильдар Акбутин өзүн өзү төмөн баалаган адамдарда бул 5 адат болорун айтып берди. Психолог менен инстаграмдагы @ildar.akbutin.psychologist  баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Салыштыруу адаты

Өзүңүздү башкалар менен салыштырсаңыз жана башкаларды өзүңүздөн жогору көрсөңүз - сизде көз карандылык бар. Өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү жокко чыгаруу менен, өзүңүзгө чыккынчылык кыласыз. Башкалар аркылуу өзүңүзгө баа берип жүрө берсеңиз, чынында өзүңүздүн ким экениңизди эч качан билбей каласыз.
Күчүңүзгө ишенбей, жашооңузду эмне кыларыңызды билбей жүрө берсеңиз, анда сиз үчүн муну жасай тургандар, айталы, сизди башкарган кожоюндар табылат.

Атаандашуу адаты

Башкалардан өзүн төмөн сезген адам гана, кимдир-бирөөдөн жакшыраак болууга умтулат. Демек, жападан жалгыз стимулуңуз бирөөдөн кемсинип калбоо болсо,  анда өмүр бою бирөөдөн ашууга аракет кылып жашайсыз. Эсиңизде болсун, ар дайым сизден жакшы, сизден бай адамдар табылат. Жашоонун бир гана максаты  бактылуу болуу, бирөө менен жарышуу эмес. Бактысыз адам гана бактылуу экенин далилдегенге аракет кылат.

Үмүт кылуу адаты

Өзүңүзгө ишенүүдөн баш тартып, сизди өмүр бою жетелеп жүрө  турган бирөө пайда болот деген үмүт менен жашайсыз. Сиз дайыма бир нерсени күтүп жүрөсүз. Кызыгы эмнени күтүп жүргөнүңүздү билбейсиз. Жашоодон коркосуз, бирок, ага караганда жоопкерчилик алуудан көбүрөөк коркосуз. Башка бирөөнүн сценарийи боюнча жашай берсеңиз, жашоонун сыйкырынан ажырап каласыз. Сыйкырлар тебеленген жолдордо эмес, али буттар баса элек, белгисиз жолдордо. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, рискке барыңыз, белгисиз жолго бурулсаңыз, гиддердин кереги жок экенин байкайсыз.

Мактоо издөө адаты

Бирөө сизди мактап, таанышы үчүн, өзүңүзгө жакпаган нерсени кыласыз. Канчалык көп таанылсаңыз, ошончолук өзүңүздүн баалуулугуңузду бекемдешиңиз керек болот. Ошентип бир туңгуюкка түшөсүз. Бул туңгуюктан чыгуу үчүн  баалуулугуңуз ичтен келип чыгарын, башкалардын мактоосу, таануусу кереги жок экенин түшүнүшүңүз керек.

Манипуляциялоо адаты

Өзүңүздүн күчүңүзгө ишенбесеңиз, максаттарыңызга жетүү үчүн башкаларды колдоносуз. Эрки жок манипуляторго айланасыз. Ар кандай айла-амалдарга барууга мажбур болосуз: боор оорутууга аракет ажайсыз, курмандыкка айланасыз. Башкаларды колдонуу жана басынтуу менен өзүңүздүн бааңызды көтөрө албайсыз. Манипуляциялангандын ордуна, өзүңүздү мотивациялоонун жолдорун табыңыз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин депрессияга кантип түшпөш керек? Сонун кеңештер

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

Сүйгөнү таштап кеткендер бул 6 кеңешти укса, жараты бат айыгат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт