Алты жашар кызымдын сөзүнөн кийин кайын энем мага иче карын жуудуртпай калды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!
Кызым сүйлөп жатат. Мен аны кой дейин десем ордуман жыла албайм. Уялып жаттым. Бетим температурадан кызардыбы же уяттанбы билбейм. "Мени үйрөттү" деп ойлойт дедим. Өлдүм дедим. Кызым тыкылдап токтобойт.
Өзүңдөн башка эч кимге керегиң жок экен. Мен муну билдим.
Кайын атамдын эжеси каза болду. Келиндер отряды жөнөдүк. Жанымды карч уруп, суукка карабай аябай иштедим. Тамак дагы жебедим. Суукта сыртка отуруп иче карын жууп, кайра келип боорсок кесип, идиштерди чайкап, роботтой эле чуркап жүрдүм. Башка келиндер араң кыймылдашат. Кайын энем дагы мени улам чакырып иче карын жуудурат. Үч чоң үй толтура конокту тейледим.
Үйгө келип эле температура менен куладым. Күйөөм тез жардам чакыртты. Капельница коюшуп, толтура дары жазып беришти. Эс учумду жоготтум.
Кызым башкача жан. Оюн ачык айтат. Туура эмес кылып жатса, уулусуна дагы карабайт. Жакпаса жакпайт дейт. Мага ар дайым күйүп турат. Эки инисин өзү эле багып жатат.
"Ата, балдарыңды тынч болгула дебейсиңби, апамды уктатпай жатышат." Күйөөм туруп барып эки тентекти урушту. Уйкусурап жаткам, кайра уйкуга кеттим. "Ата шорпо жасап берели апама, сен этти кайната бер." Атасын болушунча жумшап жатты.
Бир маалда турсам кайын энем менен тыкылдап урушуп жатыптыр.
"Апамды анча эмне иштеттиңиз. Карачы, ооруп тура албай жатат. Башкалар келиндерин иштетпей эле жүрдү го. Сиз болсо апамды катуу жумшаптырсыз. Көтөнүнүн баары укол ала берип тешилди. Эмнеге антесиз. Ал өлүп калса, ким бизге апа болот. Акырын апамды бекитип койбойт белеңиз. Жаман чоң апа экенсиз. Сизге таарындым. Жебейм бул конфеттериңизди."
Кайын энем эч нерсе дебеди. Кызым басып кетти. Кайын энем бөлмөмө келип акыбалымды сурады. Алып жаткан дарыларымды көрүп, аябай кейип капа болду.
- Көпчүлүктө сени этибарга албапмын балам. Сакайып ал эптеп. Болду, андай жерлерге барбайсың. Болбосо тиги неберем мени карабай коет. Катуу уруш жеп уялып турдум.
- Апа, кечириңиз, аны менен өзүм сүйлөшөм.
- Сага болушуп жаткан адам менен сүйлөшпө, рахмат айт.
Кызым бар бактым бар экен. Ушул алты жашар кызымдын акылына таң берем. Буйруса чоң адам болсо экен. Балапаныма көз тийбесин деп корком.
Баса, жакында жакшылыкка бардык. Боорсок кесип отургам (кайын энем сыртка чыкпа деген). Келиндер ары жакта ушакташып чогулуп отурган. Кызым кирип келип, "Ай, турбайсыңарбы, апам силерге боорсок кескичпи, азыр кайын энеңерди ээрчитип келем, ушакташып эле отурат дейм. Апа, чоң апам шорпо ичкени чакырып жатат сизди, жүрүңүз." Колумдагы бычакты алып, бир келинге карматып, мени жетелеп чыгып кетти.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм