Атамдын "кызым коркпо, сен жасайсың" деген сөзү мага 23 мамлекетти көргөздү

2022.02.11, 15:48
5259

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

2011-жыл. Жаңы окууну бүтүп ЖРТ тапшырып келдик. Атам жанымда, ар дайымкыдай.

ЖРТ жыйынтыктары чыгып ЖАГУга өттүм, бюджет. Үйдөгүлөр сүйүнүп, "жакын болду, барып келип окуйт" дешти. Бирок мен борборго окум келчү.

Медицинага окуйм деп жатсам, "кыз балага чет тил жакшы" деп конбой коюшту. Атам телевизор көрүп жаткан, жанына чакырды. Реклама учурунда бюджетке КТМУ окуу жайы бар деп жазылып чыкты. Маани бербептирмин.

Эртеси жумуш кылып жүрсөм, апам келип "сени атаң шаарга бат келсин" деди дейт. Түшүнбөй эле жөнөдүм, атам тосуп алды.

- Каттоо жасайбыз, өтсөң борборго кетесиң.

- Өтпөйм го, ата...

Таң калып карадым.

- Эмнеге? Өтөсүң, өзүңө ишенегой "доченька".

Экзамен күн. Ош. Атам жанымда. "Коркпо балам" деп пирожки, кофе көтөрүп келиптир.

Бир жумадан соң жыйынтык чыкты. Атам кубанды, апам менен чоң атам каршы чыкты. Бишкекте эмне бар экенин айтышты.

Атамдын сөзү дагы эле кулагымда: Бут тоспогула окуйт! Кыз-эркек айырмасы эмне экен!

Кудайга шүгүр окуу жайын бүттүм. Азыр 5 тил билем, 23 мамлекетти көрдүм.
2014-жылы АКШга бармак болуп, үйгө акча сурап чалсам,  атам эки саатта чоң сумма таап салып жиберди. "Балам коркпо, сен жасайсың" дейт.

Ата рахмат сизге. Мен сизди жакшы көрөм. Көп жашап, апама, бир туугандарыма жөлөк болушуңузду каалайм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт