Мен баккан алты кайын инимдин сөздөрү аябай капа кылды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Бирөөгө жакшылык кылып болбойт экен. Мен буга 15 жылдан кийин ишенип отурам. Билем, бул күндөр дагы өтөт. Бирок, жүрөктөгү так эч качан кетпейт экен. Азыр бирөөсү дагы басып келгенге жарабайт. А мен бейтапканада жатканыма бир жума болуп калды.
Жок, даттангым келбейт. Жакшы кайын инилер дагы бар, аны тангым дагы келбейт. Болгону, бул менин тагдырым. Демек, ушундай болушу керек болчу. Жүрөгүм ооруп чыкты, кой барып жатайын.
Келин болуп келгеним дале эсимде. Күйөөм үйдүн улуусу, сулуусу (күлүп). Абдан боорукер киши. Ата-энесине, бир туугандарына кылган мамилесин көрүп суктанам. Мага бир дагы жолу катуу айтпады. "Ошол дагы кеппи" деп, суранычтарымды дароо аткарат.
Алты кайын иним бар. Алтоо тең студент. Биз шаарда турабыз. Студенттик күндөрү биздикинде өттү. Аларга тамак жасайм, кирлерин жууйм, курсактарын тойгузам, эки балама кошуп баламдай кылып эле бактым. Төшөктөрүн салып берип, кайра жыйнайм. Ооруп калышса, жандарынан чыкпай карайм. Эмне азап десеңер, э?
Туулган күнүмдө дагы куттукташчу эмес. Милдет кылбайм, болгону кээде жылуу сөз уккуң келет экен. Мээнетиңди баалашса дейт экенсиң. Күйөөмө айтпайм, ансыз деле жумуштан чарчап келет.
Баары окууларын бүтүп кетишти. Чуркап жүрүп дипломдоруна чейин алыштым. Ишенесиңерби, үйлөнүштү. Бирөө дагы мага чалып, тоюна чакырышкан жок. Байкесине эле келгиле деп айттырып жиберишиптир. Ызааландым. Тойлорунда, кайдагы бир туугандарына рахмат айтып жатышты. Алдыларына чейин тазалаган мени эстеп дагы коюшпады. Унчукпай отурсам "шаарда бирде ач, бирде ток жүрдүк" дешкенде аябай капа болдум. Мен түрлөп тамак жасайт элем. Дасторкондон аяган жан эмесмин. Кантип ушуну айтышты. Кайын энем мени бир башкача карап койду.
Ооруп жатып калдым. Бүгүн бир жума болот. Күйөөм кирип келди. Эмне капа болуп отурганымды сурады. Ыйлап, ичимдеги бугумду айтып салдым. Кадимкидей жеңилдеп калдым. Күйөөм унчукпай угуп отурду. Анан тамакты таштап, эртең келерин айтып чыгып кетти.
Кечинде телефонум шыңгырады. Баягы алты кайын инимдин бирөө экен. "Жеңе, ооруп калыпсыз, жакшысызбы" десе таңкалдым. Эртеси эки кайын иним келип тамак таштап, кабар алып кетти. Үчөө акыбалымды чалып сурап, эмне керек болсо айтышымды эскертти. Буларга эмне болгон?
Күйөөм алты инисин катуу урушуптур. Акылына келтирип, ордуларына койгон окшойт, мен кылган жакшылыктарын эстеп баары "жеңелеп" калышыптыр. Аттиң, эмнегедир убагында күткөнүмдөй жүрөгүм жылыбады. Бул нерсени алтоо тең сезип, күнөөлөрүн мойнуна алып турду. Баары өз убагында болгону жакшы экен.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым
Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым
Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр
Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү