Психологиялык тест: Башкаларды кайсы мүнөзүңүз кыжырдантаарын билиңиз
Салам окуран! Бул сүрөттөн биринчи эмнени көрсөңүз ал башкаларга сиздин кайсы мүнөзүңүз жакпайт экенин билдирет. Комментарий жазып, башкаларга бөлүшүңүз.
Буканын башы
Айланаңыздагыларды текеберчилигиңиз жана өжөрлүгүңүз кыжырлантат. Өзүңүздү бийик көтөрүп башкаларды өйдөдөн карайсыз. Ал эми дүйнөдө сизден акылдуу, сулуу, сүйкүмдүү ж.б. адамдар бар экенине эч качан кошула албайсыз. Дүйнө сиздин айланаңызда айланат деп ишенесиз. Ошондуктан өзүңүздүн каалооңузду гана маанилүү деп баарынан жогору коесуз.
"Ааламдын борбору" болуу, албетте, жаман эмес, бирок ал жерде болгон адам жалгыз калат. Эгер башкалардын компаниясына кошулууну каалсаңыз, алардын кызыкчылыгын дагы эске алыңыз. Башкаларга аралашканды үйрөнүңүз.
Эркектин жүзү
Сиз туруксузсуз. Албетте, адамдар мындайды жактырбайт, ал тургай, көпчүлүктүн кыжыры келет. Мындай доско таяна албайсың. Анткени көз карашы, каалоосу, умтулуусу бир заматта өзгөрөт. Кээде суранычтар, маанилүү иштер сизге эмес башка бирөөгө тапшырылганына таарынасыз. Бирок бул сиздин мүнөзүңүздүн өзгөчөлүгүн эске алгандагы жыйынтык.
Берген убадаңызды аткарууга тырышыңыз. Мүмкүн бул адат болуп калат. Андай болсо жек көрчү адамдар азаят.
Кыз
Башкалар менен сүйлөшүүнү жактыруу - бул эң сонун сапат, бирок чеги менен. Ар ким эле көпкө созулган баарылашууну жактыра бербейт. Андай адамдар сизди айланып качышы толук ыктымал. Мындай сапат менен биринин сөзүн экинчисине оңой эле төкпөй-чачпай айтып берип коесуз.
Сиз менен баарлашууда адамдар этият болууга, көп учурда унчукпай калууга жана суроолорго жөнөкөй жооп берүүгө аракет кылышы таң калыштуу эмес. Ар бир адам менен баарлашуу каалооңузду көзөмөлдөөнү үйрөнүшүңүз керек. Баардык эле адам сыр сактаганды билген достуу болгусу келет.
Таштын үстүндөгү бала
Башкаларды кыжырдантуучу сапатыңыз - тажатып, жадатып жибергениңиз. Оюңузду сурабаса деле бардыгына өз пикириңизди таңуулоого аракет кыласыз. Башкалар сизди тамашакөй деп айтуудан алыс. Ошол эле учурда компромисске бара албайсыз. Бир сөз менен айтканда, сиздин чөйрөңүз сизди жагымсыз, татаал, өтө олуттуу адам деп эсептейт.
Мындай адамдар менен зарыл учурда же болсо жумушка тиешелүү болсо эле баарылашышат, бирок эч качан туулган күнгө, кечелерге чакырышпайт. Күндөрдүн биринде сиз болуп жаткан окуяларга жеңилирээк токтолуп, адамдарга өз пикириңизди айтууга укук бере алсаңыз, анда сиздин жашооңуз кескин өзгөрүп, сизди ачык түстөр менен кубандырат. Жок дегенде башкалардын кыжырын келтирбей каласыз.
Атактуу ырчыларды бир көрүп тааный аласызбы? Тесттен өтүңүз
"Биринчи мугалим" тасмасындагы мугалимдин аты ким? Кызыктуу тесттен өтүңүз
"Бетме-бет" повестин ким жазган? Чыгармалар боюнча тесттен өтүңүз
Бул кайсы тасмадагы кадр? Бир заматта табам десеңиз, тесттен өтүңүз
"Фиолетовый" кыргызча кандай аталат? Түсттөр боюнча тесттен өтүңүз