// //

Күйөөм менен кайын атам мен үчүн бул ишке баргандарын билип ыйладым

2022.02.04, 11:56
16737

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

"Болор иш болду, тур кеттик айылга." Кайын энем такси чакырып, айылга алып жөнөдү. Сегиз айлык курсагым бар. Аны унутуп бирөөнү сүзүп алдым деп күн сайын ыйлайм. Катуу стресске түштүм. 

Өзү эс-учун жоготуп мас экен. Чуркап чыга калды. Кошунанын отуздагы жумушсуз баласы. Эч жери эч нерсе болбоду. Тизеси гана кырылып кетиптир. Бейтапканага алып бардык. Баары жакшы чыкты. Өзү дагы сонун жүрөт. Бирок, ата-энеси мени тынч коюшпады. 

Күйөөм, кайын атам, кайын энем бир ооз катуу сөз айтып урушпады. "Кырсык деп коет муну балам, ага эмне кабатыр болосуң" деп жанымдан чыгышпайт. Күйөөм ыйласам ары-бери басып кыжалат болот.

Кайын энемден тиги кошуналар тууралуу сурадым. Жакасын кармап койду. "Кызым андай адамдар азыр аябай көп" деди. Демек, жакшы адамдар  эмес. Келгениме бир жылдан гана ашты. Алар тууралуу жакшы биле бербейм. Бирөөнү жамандабаган кайын энем ушинтип айтып жатса, демек иштин бүткөнү. 

Кайын атам менен күйөөм мени аралаштырбай өздөрү бүтүрүп жүрүштү. Биз орточо эле жашаган үй-бүлөбүз. Чоң суммадагы акча деле бере албайбыз. Болгону тигилер бир нерсе каалап, мени каргап жатышты. 

Айылга келгеним ырас болуптур. Ыйлабай калдым. Кайын энем алаксытып жанымдан чыкпайт. Экөөбүз кыбырап ар нерсе кылабыз. Тоого чыгып келебиз. "Кызым, кайгырганда жата бербей чөйрөнү алмаштырыш керек, ошондо мээңе чыгуу жолдору келет" деп күн сайын айтат. "Баарын жакшылыкка гана жоору" дейт. Бирөөгө өчөшүп ташбоор болбошумду айтат.

Жарым айдан кийин үйгө ээрчишип келдик. Күйөөм тосуп алды. Мени көрүп аябай сүйүндү. 

Кайын атам менен күйөөм жумуштарынан кийин тиги кошунанын дубалын куруп берип иштешиптир. Ал узун дубал болчу. Өздөрү жасаса акча көп кетмек. Кайын атам башында сураган акчаларын берсе алышпай, ошол дубалды бүтүрүп бергиле дептир. Ачуум келди. Ушундай адамдар болобу. Кайын атам "мындай адамдардан алыс болгон жакшы, унчукпай кутулганыбызга сүйунөлү, кабатыр болбо кызым" деди. Кайын атамды катуу кучактадым. Кайын энемди катуу кучактадым. Анан күйөөмдү катуу кучактап өөп, өөп алдым. Күлүп жиберишти. Биз чогуу бул кичинекей сыноодон өттүк. Ошол маалда толгоом башталды. 

Үчөө шап ордунан тура калып мени жетелеп жөнөштү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт