// //

Бул нерсени жасагандан кийин аялым мени каалай баштады

2022.02.03, 12:10
30748

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

"Башым ооруп жатат", "чарчадым", "жөн эле жаталычы" ж.б. Акыркы убакта төшөктөн баш тарта баштады. Жумуштан келсем ар дайым чарчап чыгат. Бул мага жакпай баштады.

Удаасынан эки балалуу болдук. Мен керели кеч жумушта. Үйгө келсем ызы-чуу. Телефонумду алып залга качам. Аялымдын ар дайым "настроениясы" жок. Кабагы бүркөлүп ачылбайт. Балдар ыйлайт. Уйку жок. Мен нерв. 

Ошентип баары бактылуу жашап калыптыр деген жомокторго ишенбегиле. Биз деле бир учурда "лав стори" болгонбуз. Той берип, ак көйнөк кийип, сүйүүгө балкып. Баш кошкондон кийин жыргап кетпейт экенсиң. Бактылуу күндөр болбойт экен. Бактылуу көз кирмемдер гана болот экен. Ал көз ирмемдер дагы 3-5 секунддук бакыт тартуулайт туура. Мисалы, балаң күлгөндө жыргайсың, шымын булгаганда ыйлайсың. Ал эми алар көбүнчө күлбөйт, булгайт.

Жыныстык жашообуз солгундай баштады. Мурдагыдай эмес. Аялым дагы көп баш тартат. Каалабай турганын айтып басып кетет. Мен себебин издей баштадым. Таптым.

Жумуштан эрте суранып келдим. Келип алып сотка чукулап жатпай, балдарды каралашып, тамагын берип, уктаттым. Аялым таңкалды. Ал күнү эрте жаттык. Эртең менен уйкубуз канып турду. 

Дем алыш күнү эки баламды алып ата-энеме кеттим. Аялыма салонго барып кел деп акча таштап койдум. Балдарымды сүйрөп кечинде келдим. Аялым чачын кырктырып, тырмагын жасатып сулуу болуп калыптыр. Көзүмө жагымдуу көрүндү. Көздөрү дагы жайнайт.

Тамак жасап жатса жанында бир нерсе кылышып жүрө турган адат таптым. Душка кирип кетсе, балдарды ыйлатпай көчөгө алып чыгып кетем. Жакшылап эс алып жуунсун дегеним. 

Курбуларына жолугуп келсе болобу деп сурады. Менден сурабай эле бара бер дедим. Сүйүнгөн боюнча кетти. 

Көп өтпөй баягы чачы түйүлгөн, тырмагы сынган, ботко жыттанган, ар дайым уйкусурап, чарчап жүргөн келинчегим жоголду. Көздөрү жайнаган, күлгөн, балдарын урушпаган бирөөгө айланды. Мени каалай баштады.

Жыныстык жашообуз жанданды. Эркелешүү, кучакташуу деген жагымдуу нерселер күчөдү. Алтыным, чарчап гана жүргөн экен.

Жаныңарда сулуу, жайнаган, каткырган, бактылуу айым көргүңөр келеби, жардам бергиле. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт