Балаңыздын мурдунун таноолору кеңейсе, анда крупка чалдыккан болушу мүмкүн
Круп кекиртектин шишип кетишин билдирет, ал дем алуунун кыйындашы жана жөтөл менен коштолот. Круптун себептери көп учурда вирустук инфекция болуп саналат, ошондуктан оору көбүнчө кышында кездешет. Бул ооруга 5 жашка чейинки балдар көп чалдыгышат.
Круптун симптомдору
Круп суук тийгендеги мурундун агышы, тамактын оорушу, дене табынын жогорулашы, алсыроо симптомдорунан башталат. Андан кийин үн кирилдеп, орой “үрүүчү” жөтөл пайда болот жана дем чыгарганда катуу үн чыгат.
Оор дем алуу жана жөтөл көбүнчө түнкүсүн күчөйт. Эгер балаңыз ыйласа алар дагы күчөшү мүмкүн. Көпчүлүк балдарда бул симптомдор бир нече күндөн кийин жакшырып, андан кийин жок болуп кетет.
Айрым балдарда круп кыйла оор формада өтүшү мүмкүн жана ал дем алууну кыйындатат. Мындай учурда балаңызга шашылыш медициналык жардам талап кылынат, ал эми кээде байкоо жүргүзүү жана ооруканада дарылануу керек болот.
Балаңыздын дем алуусунда көйгөйлөрдүн бар экендигинин жалпы белгилери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Балаңыздын кабыргасынын айланасындагы жана анын төшүнүн астындагы булчуңдары дем тартканда тартылат
- Мурундун таноолору кеңейет
- Тынчсыздануу жана дүүлүгүү
- Тамак-аш жана суюктук ичүүдө кыйналуу/
Стридор - бул бала дем алганда чыгуучу бийик, ышкырган үн. Адатта бул дем алуу жолдорунун түтүктөрүнүн тарышынын белгиси.
Оор стридор ошондой эле кээде кекиртектин үстү (эпиглоттит) курч сезгенгенде же дем алуу жолдоруна бөтөн денече кирип кеткенде келип чыгышы мүмкүн.
Круп симптомдору боюнча дарыгерге качан кайрылуу керек
Эгерде төмөнкү симптомдордун бирөөсүн же бир нечесин байкасаңыз силер медициналык жардам алуу үчүн кайрылыңар керек:
- бала кыйналып дем алат;
- уктап жатканда дагы балаңыз катуу «ышкырып» дем алат
- бала дем тартканда анан көкүрөгү тартылат.
- балаңыз жутканда кыйналат
- баланын эриндери көгөрөт, ал кубарып жана шалдырап калат.
Оор абалдагы круп шашылыш медициналык жардамды жана дарыланууну, ошондой эле ооруканада кылдат байкоо жүргүзүүнү талап кылат.
Круп үчүн тесттер
Дарыгер балаңыздын оору тарыхын изилдеп бүткөндөн кийин круп диагнозун коет.
Крупту дарылоо
Көпчүлүк учурларда круп жеңил формада өтөт жана дарыгердин көзөмөлү астында үйдө дарыланат. Айрым балдарда круп оор формада дагы өтүшү мүмкүн, ошондуктан ооруканада дарылануу керек.
Баланы тынчтандырууга аракет кылуу маанилүү, анткени балаңыз капаланып, коркуп же стресске кабылып калса дем алуусунда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.
Круп көбүнчө вирустан улам пайда болот, анткени антибиотиктер таасир бербейт. Антибиотиктер бактериялык инфекцияларды гана дарылайт.
Крупту дарылоо дарттын оордугунан көз каранды жана дем алуу жолдорунун шишигин азайтууга багытталган. Балдарга преднизолон же дексаметазон (стероиддер), ошондой эле баланын абалына, оорунун симптомдоруна жараша дары каражаттары менен кыска дарылоо курсу дайындалат.
Алдын алуу
Вирустун жайылышын азайтуу үчүн курч дем вирустук оорулары менен ооруган балдарга айыкканга чейин бала бакчага же мектепке барбай туруу сунушталат.
Круп грипп вирусунан келип чыгышы мүмкүн болгондуктан, гриппке каршы эмдөө балаңызда круптун өнүгүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.
Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.