Келинчегим каза болгондон кийин мени эч ким тойго чакырбай калды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
"Ой тимеле" деген сөзүнө зармын...
Мактансам, ачуулансам, кайгырсам, күлсөм, айтор, ар дайым ушинтип жооп берет эле.
- Тамашаңызды коюңузчу...
- Жигит мен сага тамашалай турган адам көрүнүп турамбы? Келинчегиңден ажырадың деп жатам. Жакындарыңа кабар бер.
Апама кантип чалганымды билбейм.
- Апа, келе калыңызчы, ажырадын деп жатышат...
- Кимден балам, ыя ботом, эмне дейт бул...
- Апааа...
Чоң киши бейтапкананын коридорунда ыйлап отурду. Болгон күчүм менен башымды мыкчып жаттым. Медайымдар келип тургузушту. Колума анализ жыйынтыгын карматышты. Кан басымы көтөрүлгөнүн гана окуганга жарадым.
Жалгыз калдым. Балдар чоңойгондон кийин сага бүлө деле болбой калат экен. Ар кимдин өз турмушу бар дегендей. Боз үй чечилди. Туугандар жиликтерин көтөрүп алып үйлөрүнө таркады. Жалгыз калдым.
Апам үйгө кетти. Канча жашта болбойлу энеге баары бир бала бойдон калат экенбиз. Тамагымды дайындап берип кетти.
Акыркы ирет качан жалгыз уктаганымды билбейм. Ар дайым "чачың оозума кирди" деп бултуюп ойгонор элем. Азыр ошол чачка зармын. Азыр ошол чачка зармын. Азыр ошол чачка зармын. (Ыйлап.)
Жарым жыл болуп калды. Кыбырап жүрөм. Элестеткиле, аялымдан ажырагандан бери эч ким мени тойго чакырган жок. Айтайын дегеним, дос менен туугандын ортосундагы көпүрө аялым болчу экен. Барчу жерге барып, мени жоктотпой, менин атымдан деп береселерди берип, менин сыйымды көтөрүп жүрчү экен. Азыр мен жөн гана бир кишимин.
Адамды жоготкондо гана баркын эстегенибизге өкүнөм. Бир жолу көрүүгө мүмкүн болсо кана... Жыттап, жыттап, катуу кучуктап, рахмат дейт элем.
"Ой тимеле" деген сөзүнө зармын...
Билбейм, эртеңки күнүм кандай болот, билбейм. Кечээ кызым неберемди бир күнгө таштап кеткен. "Таенем жокпу" деп жүрөгүмдү оорутту. Алаксытып, тапкан тамагымды жасап бердим.
"Үйлөнүп албайсыңбы" дешкендер көбөйдү. Тажатышты. Жылмайып кутулам. Ичимден мага башка бирөөнүн чачы кереги жок дейм.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым
Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым
Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр
Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү