Аялым менен 17 жыл жашасам дагы ага тойбой келем
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Мени сүйөрүн билем. Менсиз жашай аларын дагы билем. Сүйөт, сүйкөнбөйт.
Аны менен таанышуу үчүн эмнелерге гана барбадым. Колумду сындырдым, кулап тиземди кырдым, милицияга айыппул төлөдүм, апамдын гүлдөрүн уурдадым дегендей.
Сүйөм. Кемчилиги менен сүйөм. Чачын ак басып, бетине бырыш түшө баштаса дагы сүйөм. Жыл сайын ага болгон сүйүүм күчөп барат. Кыйын. Бир адамды гана сүйүү өтө кыйын. Бирок аракет кылса болот.
Калп айтпайм, сулуу айымдарды көрсөм бир кылчаям. Бирок, аларга суктануу деле жок, оюма жаман нерсе деле келбейт. Менин оюмду, жүрөгүмдү бүт аялым ээлеген.
Таң эрте туруп алып кийингени жагат. Конокто отурганда күлгөнү жагат. Бийлегени жагат. Эркелегени жагат. Балдарды урушуп бакырганы жагат. Күзгүдөн каранып алып, толуп кеткенине нааразы болгону жагат.
Бир адамды сүйүү мынчалык бакыт.
Албетте, экөөбүз бакырып урушабыз. Бултуябыз. Кээде бири-бирибизди көргүбүз келбей калат. Ошентсе дагы экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйөбүз.
Чечинип жатканда карап турам. Анан башка бөлмөгө чыгып кетет. Артынан чуркайм. Мен аялыма суктанууга тойбой келем.
Аялыңардан сый күткүңөр келсе, алгач өзүңөр сыйлагыла. Аялыңар силерди гана сүйсүн десеңер, алгач өзүңөр сүйгүлө. Аялыңар силерге ишенсин десеңер, алгач өзүңөр ишенгиле. Анан эч нерсе кылбай эле бир нерсе талап кыла берсеңер, бир тыйын дагы албайсыңар.
Колум тийген эмес. Тийбейт дагы. Аялына кол көтөрүү эң төмөнкү жорук деп билем. Аялын сыйлаган эркекти сыйлайм. Чыныгы адамдык сапат ошондо.
Дагы айтым бир адамды сүйүү кыйын. Бирок, оңой нерседен бакыт таба албайсыңар. Андыктан, сүйгүлө.
Балдарым менин көчүрмөм. Апасына кандай мамиле кылсам, алар дагы ошондой мамиле кылат. Мен апасын сыйлаганымды көрүшүп, "аталап" мени сыйлашат. Келинчегиме белек аларда сөзсүз уулдарым менен кеңешем. Алар дагы үйрөнсун дегеним. Болочокто алар дагы күйөө, ата болот. Алардын мыкты күйөө болгонун көрүп сыймыктанам. Кечээ мугалими чалып, "уулдарыңыздын тарбиясы үчун рахмат, кыздарга аяр мамиле кылышат" деди. Сүйүндүм.
Кой, силерге жазып отуруп аялымды сагынып кеттим. Жумушуман чыгып алып ага барам. Экөөбуз ээрчишип кетебиз. Бул биздин салт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым
Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым
Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр
Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү