Туугандарым менен мамилемди кантип оңдойм?
Биздин WhatsApp номерибизге жана социалдык баракчаларыбызга келген каттардын арасында өзүнүн жашоосунда болуп жаткан окуяны баяндап, туугандары менен болгон мамилесинин начарлыгын жазып кеңеш күткөн окурмандар да бар. Психолог Бермет Наралиева болуп жаткан окуяны негативдүү кабыл албоого чакырып, өз кеңешин берди.
Мен үйдүн ортончу кызы болсом да, кичинекейимден башка бирөөнүн баласы сымал сезим менен чоңойдум. Мектепти аяктаарым менен Казакстандагы атамдын эжесинин колуна түштүм. Баласына каралашып, үй иштерин кылып, кийинчирээк базарда соодасына жардам берип жүрдүм. Оту менен кирип, күлү менен чыгып турсам дагы, эжем мени туугандарыбыздын баарына жаман көрсөтүп салды. Өзүм мүнөзүмөн түнт болгондуктан, ичимдеги чындыкты айта алчу эмесмин. Эжем дагы катуу кармачу, коркчумун. Ата-энеме ал жакка барбайм, иштебейм десем “сени окута албайбыз” деп кайра эле кошуп берчү. Апам дагы атаң менен эжең таарынышып калат же айылда жүрсөң турмушка чыгып кетесиң десе, айла жок кайра барам. Ошентип жүрө берип арадан беш жыл убакыт өттү. Бир жылда бир жолу гана өзүмдүн үйүмө барам, 300 же 400$ берип коёт. Мен айлыгымды сурай албайм, ата-энем дагы сурабайт. Өзү айына 100$ дан төлөп берем деп аны да толук бербейт. Жашоонун кызыгы жок жүрө бердим. Бир күнү бир бала алакачып кетти. Өзүмдүн туюмум боюнча жакшы бала эле. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай олтуруп алдым. Себеби болсо белгилүү, эжем менен жездемден тажагам. Муну үйдөгүлөрүм түшүнгөн жок, эптеп ошол жакта тынч жүрө берсин дешчү. Бирок, кайын энем шорумду катырды. Туура эмес кылган экенмин, олтурбай ата-энемдин тилин алып кете бербей деп өкүнгөн учурлар көп болду. Кайын энем кордук көрсөтүп, мени адам катары көрбөй кээде урушканда “малсың” деп кууп чыгып салчу. Өмүрлүк жолдошум жакшы адам болгондуктан башка түшкөнүнө чыдап жашап калдым. Кетип калып үйгө барсам, “кыйналган турбайсыңбы, жашоодо өйдө-төмөн болот” эми деп чекемен сылап тосуп албаары айдан ачык эле. Кудай жалгап кайним үйлөнүп, биз бөлүнүп чыктык. Жолдошума жардам болсун деп иштөөнү чечип, бир жаштагы баламды карап бериш үчүн бир тууган бөлөмдү чакырттым. Каралашып жүргөнүнө эки жылдан ашып калды. Айылына ата-энесине үч, төрт жолу барды. Жөн барып келбей, мени апасына жамандап, апасы туугандарга жамандап кайра эле ким жаман мен жаман болуп чыгып калдым. Сиңдимдикиндей абал менин башымдан өткөндүгү үчүн көңүлүнө карап мамиле жасайм, айлыгын убагында берем, аны түшүнбөйт. Апамды абдан жакшы көрөм. Бирок апам аны билбейт, канчалык жакшы көрүнүүгө аракет кылбайын аны байкабайт. Чоң эжемди, инилеримди мактап бүтпөйт. Туугандар да аларды жакшы көрүп, катташып турушат. Мага такыр ичтери чыкпайт, көңүлүм да калды. Кантсе да өз эжем эмеспи ичимдеги сырымды айтып, бугумду чыгарып алайын десем, эжем да сүйлөшкүсү келбей качып турат. Жакшы кабыл алышпаарын билсем да, билмексенге салып балдарымды ээрчитип алып барам. Кайын журтумду бир сурап, катташып коюшпайт. Абысынымдан уялам, алар бири-бири менен бат-баттан чогулуп, чай ичишип катышып мамилелерин үзбөйт. Азыр болсо үч баланын энесимин. Акыркы күндөрү өзүмду жалгыз сезип, башым көп ооручу болду. Сөз көтөрө албай, чөгүп баратам, мындан улам психологдун кеңешине муктаж болуп турам. Канткенде туугандар менен жакшы мамиледе боло алам? Менин жалгыз каалом алар менен сый-урматта туугандык мамиле түзүү!
Сиз тегерегиңиздеги болуп жаткан окуяларды негативдүү, бир тараптан алып караганда субьективдүү баяндап жатасыз. Байкап баамдап карап көрсөңүз сиздин жашооңузда дагы көңүл жылытаарлык, жакшы маанай тартуулоочу күндөр жок эмес, болгону аны карап үйрөнүү керек. Сиздин көйгөй болуп жаткан маселени адекваттуу кабыл ала аласызбы же адекваттуу эмес кабыл алып жатасызбы, мына ушунда.
Сиздин көз караш боюнча жашооңуздагы жаман абалдар:
- Башка бирөөнүн баласы сыяктуу сезим менен чоңойдум.
- Эжем мени катуу кармап, оту менен кирип күлү менен чыктым.
- Күйөөм жакшы, бирок кайненем кордук көрсөттү.
- Бир тууган бөлөм мени, жек көрүп жамандайт.
- Апамды жакшы көрөм, бирок аны апам сезбейт.
- Менден башканын баарын мактайт.
- Эжем мени менен сүйлөшүүдөн качат.
- Ата-энем кайын журтум менен катышпайт.
Сиздин жашооңуздагы жакшы көрүнүштөр жана кеңештер:
- Ата-эне үчүн баардык балдар бирдей болот. Жашоодо ата-эненин көзү тирүүсү эң чоң дөөлөт.
- Алар сизди эрте турмуш жолуна аттанып, жашоодо кыйналып калбасын деп, эжеңиздикине жиберишти.
- “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген жакшы сөз бар. Сиздин оюңузча бирөөнүн кызына жоопкерчиликти алып, чоочун элде, жерде сизге көзөмөл кылбай, эркин куш кылып коё берүү керекпи. Албетте жок! Айткан кеңештер, тыюу салуулар сиздин келечегиңиз үчүн кандайдыр бир салмакка ээ болду.
- Өмүрлүк жарыңыз жакшы. Бирок кайнене үйүндө ар түрдүү өйдө-төмөн болот. Бул нерсени нормалдуу кубулуш катары кабыл алуу керек. Мындай көрүнүштөр жалгыз гана сиздин башыңызда эмес.
- Балалуу болуу кандай бакыт. Сиздин бакытыңызга чек жок, себеби үч балаңыз жана сүйүктүү жарыңыз бар.
- Кудалардын катышып ысык чай ичпегенине ким күнөөлү деп эсептейсиз? Күнөөнү башкадан издебей эки тарапты сый чайга чакырып, мамиле түзүп кетишине өзүңүз жолдошуңуз менен биргеликте аракет жасаңыз.
- Апаңыз менен туугандарыңыздын сизге жүзүн буруп сүйлөшпөй жатканынын себебин ачуулукка алдырбай изилдеп көрүңүзчү. Себебин тапкандан кийин ошого жараша өзгөрүңүз. Өзгөрүп мамиле түзүү ар бир адамдын өз колунда.
Жашоодо болуп жаткан көйгөйлөрдү ачык сүйлөшүү менен маселени чечип өз жолуна салса болот. Андыктан жогорудагы суроолорго жооп табып, баарын ачык сүйлөшүү менен көйгөйдү чечип аласыз деп ишенем!