// //

Кудам бизди тоскон особнякта эмес, кепедей үйдө жашарын билип жашыдым

2022.01.31, 14:02
42119

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Кудамды капыстан жолуктурдум. Баягы кычырап костюм-шым кийген киши жок. Көздөрү ошондой эле бакытка толгон, колунда көк пакет, анын ичинде балык. 

Кудам бизди сонун тоскон. Эки этаж үйдө, мал союп, дасторкон жайып, ырчыларды ырдатып дегендей. Биз мынчалык болорун күткөн эмеспиз. Кызы дагы тарбиялуу экен. Балам экөө азыр бактылуу жашап жатышат. Качан үйүнө барбайлы, жадырап-жайнап тосуп алат. Байбичемдин эки сөзүнүн бири эле келини, мактап эле жүрөт. 

Мен жакшы кызматта отурам. Эми мени эл билет. Жалгыз уулумду үйлөнтөм деген кабар көп жакка кеткен. Баары менин болочок кудам ким экенине кызыгышты. Мен өзүм деле билбейт болчумун. Мен үчүн баламдын бактысы эле. Аялым экөөбүз кимди албасын кийлигишпейбиз деп чечишип алганбыз. Анын үстүнө уулум менден бир тыйын албайт. "Өзүм табам ата" деп баш тартат. Демек, баламды туура тарбиялапмын деп сүйүнөм.

- Мен сиздин ким экениңизди уктум. Мен үчүн авторитетиңизге доо кетпесин дедим. Кепедей үйүмдө тосуп, сизди уят кылгым келбеди. Бул аракетим сизге болгон сыйым куда.

Кудам ай. Мынча жакшы киши. Көрсө, мен үчүн досунун үйүн сурап, мен үчүн карызга батыптыр. Сый деген ушундай болот туура. Досумдан дагы мындай аракетти көргөн эмесмин. Кудам ай. Канчалык ыраазы болгонумду билсеңиз кана.

- Куда, мен сизди көргөндө эле жакшы адам экениңизди билгем. Канча адамдар менен иштештим. Кирлерин көп көрдүм. Сиз дароо айырмаландыңыз. Мага сиздин үйүңүз маанилүү эмес. Кызыңызды бергениңиз үчүн ыраазыбыз куда. Эл эмне десе ошо десин.

- Жүрүңүз, байбиче балык кууруп берет, жеп кетиңиз. 

Кичинекей үй экен. Бирок ушунчалык ич жылуу, анан жагымдуу жыттанат. Бакыттын жыты. Мен бул жытты сагынгам. Айылда апамдын үйү ушундай жыттанат эле. Менин заңгыраган үйүм мындай эмес. Кетким келбей отурдум. Кудагый кызарта балык кууруптур. Үчөөбүз түнү дейре сүйлөшүп отурдук. Үйгө башкача маанай менен кирип келдим. Аялыма баарын айтып бердим. Ал дагы баргысы келгенин айтты.

Билесиңерби, биз жөнөкөйлүктү унутуппуз. Мага могу "кожанный" диванда эмес, кудамдын жер төшөгүндө отурган жакты. Өз мээнеттери менен кармап, бышырган балыгынын даамы жакты. Мага көрсөткөн сыйлары жакты. Көрөалбастык, куулук дегенди такыр билишпейт экен. Мен андай адамдар жоголуп кеткен деп ойлогом. Анткени, азыр баары пайда издешет. Бар экен. Анан дагы алар менин кудам экен. Мынча бактылуумун.

Жөнөкөй болгула. Жөнөкөй болгула. Бакыт ошондо экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт