// //

Кызыма "сен деген болочоктогу келинсиң" деп айтып алып аябай ыйладым

2022.01.27, 16:09
14963

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

"Сөз бүттү!" деп катуу бакырдым. Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Туура эмес кылганымды билдим. Ары-бери баса бердим. Кызымдын чачынан жыттап, кечирим сурагым келди. Бирок, мен деген атамын да деген кур намыс бутумду жылдырбай койду.

Кыздуу болгон күнүм дале эсимде. Төрөтканадан көкөлөп учуп чыгып досторума бет алдым. Баары "эми эркек балалуу бол, кыз баары бир кетет" деп мени тарс эткире жерге түшүрүп салышты. 

Кызымдын ийиликтерине жашырынып сүйүнүп жүрдүм. Досторумдун көзүнчө менден өткөн катуу ата жок. Кызым грамота көтөрүп келсе "ммм" деп эле коем. Шагы сынган боюнча артка кетет. Кечинде туруп алып акырын сервантка барам. Грамотасын кучактап өөп, кайра ордума барып жатып алам. "Эл эмне дейт", "досторум эмне дейт" деген нерселер мени ата болуу кубанычынан айрылтып жатты.

Кызым келечекте программист болорун айтты. "Сен деген болочоктогу келинсиң, кайдагы оку, анын үстүнө эркектердин окуусу экен, тур идиш жуу" деп салдым. Кызым менден алыстай баштады. Сабактан кийин "аталап" чуркап келбейт. Маанайы суз. Китеп окуп, компьютерден бир нерселерди жасап отурган баягы жайдары мүнөз кызым жок. Болгону 12 жашта. Мени кучактабай калды.

Жумуштан келсем кичинекей колдору менен идиш жууп отуруптур. Чачтары саксайган, көзү муңдуу. 

- Эжең чалды. Сабактан начарлап баратканыңды айтты. Эмнеге тапшырмаларды аткарбай калдың?

- Идиш жууп жетишпей калдым. 

- Сабакты даярдап коюп жуу да...

- Мен деген келинмин да ата!

Шап туруп басып кетти. Кызымдын кыялдарына балта чапканымды билдим. Айткан сөзүмө өкүнүп ыйладым. Бойтойгон колдору китепти эмес, кир идишти кармап отурду. Мен эмне деген атамын!

Кызымды таң эрте ойготтум. "Жүрөгой кызым, шаарга барып келели" дедим. Мени таңкалып карап турду. "Тур, турагой, келечектеги программисттке мыкты ноутбук керек. Жүр, жүрөгой, мен алып берем." Мойнумду катуу кучактады. Шашып кийине баштады.

Жолдон баягы досторума жолуктум. Кызымдын колун кармап, башымды көтөргөн боюнча өтүп кеттим. Ушундай эс алып калдым. Шаардан экөөбүз балмуздак жедик, сейилдеп аркы-беркини сүйлөштүк. Анан акырында мындай дедим. 

- Жаман атаң программист боло албайсың десе ишенбе. Башкалар айтса дагы ишенбе. Кыялыңа багыт ал кызым. Сен келечектеги келин эмессиң. Сен Айдайсың. Уктуңбу?

- Ата, менин грамоталарымды кучактап өпкөнүңдү көргөм. 

Менин кызым сөзсүз кыялына жетет. Менин кызым келин болбойт. Менин кызым бактылуу адам болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт