// //

Менин бул кабарым жолдошумду шолоктотуп ыйлатты 

2022.01.26, 16:54
20014

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Мен да өз башымдан өткөн окуяны жазып, жолдошума болгон ыраазычылыгым менен бөлүшө кетейин.

Баш кошконубузга быйыл сегиз жыл болот. Убакыт деген билинбей эле өтүп кете берет тура. Беш жыл бала жытына зар болуп жүрдүк. Ошол эле учурда башыбыздан көптөгөн кыйынчылыктар өтүп жатты. 

Жолдошум экөөбүз келерди кечке иштейбиз. Тапкан акчабыз аты өчкүр кредит деген нерседен чыкпайт. Артканына үйгө азык-түлүк алабыз. Көчөгө чыгып сейилдегенге, киного барганга же жөн эле бир жерге кирип тамактанга акчабыз артпайт. 

Ошондой кыйынчылык күндөрдүн биринде ооруп калдым. Эки көзүм шишип, көрбөй калды. Ошондогу абалымды силерге жазып түшүндүрүп бере албайм. Жарык жашоону көрбөй каламбы деген суроо туулганда жан дүйнөм какшайт. Ыйлайм, ызаланам, көзүмдүн ооруганына жаным чыдабайт. 

Үйдөгүлөр бөлмөмө басып келбей калышты. Алар бул ооруну жугуштуу деп ойлошту окшойт. Ага деле кыйыл элем, анткени жанымда күйөөрүм бар. 

Жолдошум таштап кеткен жок. Буга чейин үй-бүлөлүк кыйынчылыкка чыдабай аялын таштап кеткен эркектер жөнүндө көп эле уккам. 

- Бүгүн эмне жегиң келип жатат? 

- Курсагым ток. 

- Айта бер, акча бар жаным. Макул, сенден сурабай эле алып келе берейин. 

- … 

- Иий баса, дарыларынды ичкенди унутпа, оң жагыңдагы биринчи дарыны эки сааттан кийин ичесиң. “Будильник” коюп койдум. 

Акчаны кайдан таап жатты билбейм. Батирге, тамак-ашка, кредитке, менин дарыларыма көп акча керек да. 

Медицина менен элдик ыкмаларды аралаштырып жатып айыктым. Көзүм көрө баштады. Жолдошума айтсам шолоктоп ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Ал күн көз алдымдан такыр кетпейт. 

Азыр бактылуубуз, бир кыз, бир уулубуз бар. Жолдошума абдан ыраазымын. Ал “алаканыма салып багам” деген убадасын бузган жок. Бактыбыз түбөлүктүү болсун. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энеме 10 балалуу болгубуз келет десек, берген жообу таңкалтырды

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт