Аялым күйөөгө чыгып кетти. Уулумду өзүм караганга укугум барбы?
Мен үйдө жалгыз баламын. Россияда үйлөнүп, балалуу болдум. Айылга келип дүңгүрөтө той бердик. Айылда 3 ай туруп, апасы аялымды алып кетип ошол бойдон турмушка чыгып кетиптир. Кабарым жок эле. Мени сотко берип, азыр алимент төлөп жатам. Уулум эми гана 1 жаш 5 ай, кичинекей. Таенесиникинде. Аялым күйөөгө чыгып кетти. Уулумду алып, өзүм караганга укугум барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! КРнын Үй-бүлө кодексинин 71-беренесинде "Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар" деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, бул кодексте "Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе" деп көрсөтүлгөн.
Демек, сиз балаңыз менен катышып өзүңүздүн аталык укуктарыңызды жүзөгө ашырсаңыз болот. Бирок сизге тосколдуктар болсо, анда сиз балаңыз жашап жаткан аймактагы социалдык коргоо мекемесине кайрыласыз. Алар сиздин кайрылууңуз боюнча сизге өз балаңызга карата укуктарыңызды жүзөгө ашырууга тосколдук кылган адам менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Эгерде түшүндүрүү иштери жыйынтык бересе, анда соткао кайрылып сизге болгон тосколдуктары жоюну же бала менен көрүшүп туруу жөнүндө график түзүп берүүнү сурансаңыз болот.