Эмизүүдөн эмчегим кесилип жатат. Эмне кылсам болот?
Менин төрөгөнүмө бир ай болду. Эмчегим кесилип, анан болгон жеринин баары ооруп жатат. Кесилген жери ачышканда эмчегимдин баарын оорутуп жатат. Эмне кылсам болот?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Мындай көрүнүш адатта биринчи балалуу болгондо көп кездешет. Себеби жаш энелер баласын туура эмес эмизишет. Туура эмизүү үчүн наристе эмчекти оозуна толугу менен алыш керек, башкача айтканда, үрптүн өзүн эле эмес, анын тегерегиндеги кара болуп турган “ареоланы” бүт салып эмгени туура деп саналат.
Эмчектин кесилип кетиши бул кадимки эле жара. Эмизген аялдын төшү ар дайым жабык жана нымдуу жүрөт. Андан тышкары бала жараланган жерди улам эмет. Ошондуктан айыгуу процесси көпкө созулат.
Колдон келсе күнүнө бир маал төшүңүздү ачык калтырыңыз, бирок суукка урунбаңыз. Ар дайым кургак жүргөнгө аракет кылыңыз.
Дарыканаларда силикондон жасалган үрптөр сатылат (силиконовая насадка для кормления), ошону колдонуп көрүңүз. Ал бардыгына эле жарай бербейт, кээ бири ыгын таппай бала да эме албай койду дешет. Бирок айрымдарына абдан жакшы жардам берет. Анткени ал кесилип турган үрптү кошумча “травматизация” болуусунан сактайт.
Кандай мазь болбосун бала эмизээрдин алдында жылуу суу же нымдуу салфетка менен сүрүп туруу керек.