// //

Эгер балада төмөндөгү белгилер бар болсо, анда бронхиттен кабар берет

2022.01.16, 13:03
1415

Бронхит – бул өпкөгө аба өткөрүүчү төмөнкү дем алуу жолдорунун сезгениши. Эгер балаңыз бронхит менен ооруса, какырык бөлүп чыгаруу менен жөтөл пайда болуп, дем алуусу начарлашы мүмкүн. Адатта, бул тынчсызданууга себеп эмес. Бронхитти дарылоо инфекциянын себептеринен көз каранды.

Бронхиттин себептери

Бронхит – өпкөгө аба өткөрүүчү төмөнкү дем алуу жолдорунун (бронхтордун) сезгениши.

Адатта бронхит вирустук инфекциядан же сейрек учурларда бактериялык инфекциядан улам пайда болот.

Бронхиттин симптомдору

Жөтөлүү - бронхиттин негизги симптому. Алгач ал кургак, андан кийин ал бир аз какырык бөлүп чыгаруу менен нымдуу болушу мүмкүн.

Эгер балаңыздын дем алуусу начарласа же энтиксе бул бронхиалдык астма же бронхиолит болушу мүмкүн. Балдардагы катуу жөтөл жана кирилдөө бронхитке караганда астмадан улам келип чыгат. Эгер балаңыздын температурасы көтөрүлсө жана дем алуусу кыйындаса, бул пневмония болушу мүмкүн.

Бронхиттин симптомдору көп учурда анын келип чыгуу себептерине көз каранды. Дарыгериңиз балаңыздын симптомдорунун эмнеден болуп жатканын аныктайт.

Бронхит менен өзгөчө көп учурда мектепке чейинки курактагы балдар жана кенже мектеп курагындагы балдар оорушат.

Бронхиттин симптомдору боюнча дарыгерге качан кайрылуу керек

Эгер балада төмөндөгү белгилер бар болсо, аны дарыгерге алып баруу керек:

  • мурда астма пристубу орун алган болсо
  • дене табы жогору болсо
  • 5-7 күнгө чейин токтобой жөтөлсө
  • кирилдесе же энтиксе
  • былжырлуу суюктугунда кан болсо
  • дем алууда кыйналса же оор дем алып жатса

Бронхитке анализдер

Дарыгериңиз балаңызды жакшылап текшерип, таржымалын дыкат окуп чыгып, «бронхит» диагнозун коюшу мүмкүн.

Эгерде жөтөл басылбаса, дарыгер ошондой эле көкүрөк клеткасынын рентгенограммасын дайындашы мүмкүн.

Бронхитти дарылоо

Бронхит адатта 1-2 жуманын ичинде өзүн-өзү өтүп кетет, адатта, эч кандай оордошууларга алып келбейт.

Эгер балаңыздын жөтөлү жана киркиреши токтобой жатса, дарыгер астмага каршы дарыларды кыска мөөнөткө колдонууга кеңеш бериши мүмкүн.

Дарылоо симптомдорду жеңилдетүүгө эмес, оорунун себептерин негизинен дары каражаттары аркылуу ингаляция жасоо жолу менен жоюуга багытталган. Антибиотиктерди зарыл болгон учурда гана жазып беришет.

Эгерде дарыгериңиз бронхит бактериялык инфекциядан улам пайда болгондугун аныктаса, ал антибиотиктерди жазып бериши мүмкүн. Бирок антибиотиктерди көп дайындай беришпейт,  анткени бронхит көбүнчө вирустун кесепетинен пайда болот жана антибиотиктер вирустарды дарылабайт.

Жөтөлгө каршы дары-дармектер адатта бронхитте эффективдүү эмес. Бал бронхиттеги жөтөлдүн узактыгын азайтышы мүмкүн, бирок балды сейрек кездешүүчү, бирок тамак-аштан уулануунун олуттуу түрү болгон балдар ботулизминин өнүгүү тобокелчилигинен улам12 айга чейинки балдарга бербешиңиз керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт