Бул 5 себеп өпкөңүз ооруйт экенинен кабар берет
Салам достор! Бүгүн биз силерге кандай себептер дем алуу системасында көйгөйлөр бар экенинен кабар берерин айтып беребиз. Эгер сизде бул белгилер болсо, дароо чочуп кетпеңиз. Баары жакшыбы билип коюш үчүн, жөн гана дарыгерден кеңеш алып коюңуз.
Бутуңуз шишийт
Буттун шишигинин пайда болушу кээде тамыр тромбозуна байланыштуу.
Оору өтө олуттуу ыңгайсыздыкты жаратпайт. Бирок уюган кан өпкөгө кирип кетиши мүмкүн, бул өтө коркунучтуу.
Дем алуунун кыйындашы
Кээде адам эки жумага чейин пневмония бар экенинен шектенбей, дем алуусу кыйындаса деле бул ыңгайсыздыкка чыдап жүрө берет.
Тепкич менен чыгуу кыйын болот
Үчүнчү же төртүнчү кабатка чыккыча дем жетпей баштайт. Кеп чарчоо же жалкоолукта эмес. Болгону кичине ашыкча кыймылдап койгондо эле, дем кыстыгуудан кыйналып баштайт.
Терең дем алалбоо
Көкүрөктөгү кырылдоо терең дем ала албоо менен коштолсо, астма оорусунун коркунучтуу белгиси.
Үндүн өзгөрүшү
Үн башкача чыга баштайт. Эгер үндүн өзгөрүшү тамак оору же суук тийүүнүн айынан эмес болсо, анда дароо дарыгерге кайрылуу кажет.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат
Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек
Чачты суу кезинде тарабаңыз. Чач жөнүндө кызыктуу 4 факт